Июнь айынын аягында Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-июнда Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу, өкүлчүлүктүн Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Нурсултан Кубанов жана Кытайдын Кашгар шаарындагы «Сиганг синьцзянь гуожи маои» компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.
Мототехникаларды чогулта турган завод «Нарын Эркин экономикалык аймагынын» субьектиси болуп катталып, Ат-Башы районунун Кара-Булак участогунда курулган «Кургак порт жана бондалык-логистикалык» борборунун аймагында жайгашат.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө 20-июнга чейин техникалардын сырьесу Кытайдан алынып келээри, уюштуруу иштери жүргүзүлөөрү жана июндун аягы менен завод ишке кирүүсү макулдашылды.