Нарын облусунда “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК Нарын облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында жана соттун санкциясы менен Ат-Башы районунун Большевик айылында «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү жашаган жерлерде тинтүү иштерин жүргүздү.
Анын жыйынтыгында «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымына тиешелүү көптөгөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, дептерлер жана журналдар, ошондой эле электрондук ноутбуктар, флешкалар жана телефондор табылды. Алынган материалдар боюнча соттук экспертизалар дайындалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде «Йакын инкар» диний-экстремисттик агымынын 9 мүчөсү кармалып, Нарын ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, уюмдун 3 мүчөсү аталган экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты.