"Эркин-Тоо"

Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!