Нарында көчмө мобилдик клиника жарандарды акысыз текшере баштады. бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Учурда мобилдик көчмө клиника Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында орнотулуп, 17-июндан баштап кызмат көрсөтө баштады.
Мобилдик клиника август айынын аягына чейин Нарын облусун калкына акысыз медициналык жардам көрсөтүп, бейтаптарга диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана дарылайт. Ошондой эле пландуу түрдө жалпы хирургиялык чоң эмес операциялар жасалат. Терапевт, кардиолог, невропатолог, гинеколог, уролог, офтольмолог, ЛОР, стоматолог жана гастроэнтеролог дарыгерлери акысыз кызмат көрсөтүшөт.
Клиника компьтердик томограф, рентген, маммограф, УЗИ, лаборатория, гастроскопия жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн медициналык жабдуулар менен толук камсыздалган. Ошондой эле клиниканын мобилдүү автоунаалары менен алыскы аймактардагы калкты ташып келип дарыгерлерге көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Нарын районунун калкына кароо жүргүзүлүп бүткөндөн кийин график менен башка райондордун элине медициналык кароо жүргүзүлө баштайт.
Иштөө графиги дүйшөмбү-ишемби күндөрү эртең мененки саат 8:30дан кечки 17:30 чейин, жекшемби күнү эс алуу күнү болот. Түшкү тыныгуу 13:00-14:00 чейин.
Эскертүү:
- көрүнүүгө келген бейтаптар атайын түзүлгөн графике ылайык тизме менен келүүсү зарыл;
- кош бойлуу жана бала эмизген бейтаптар көрүлбөйт, 14 жашка чейинки балдар кабыл алынбайт, ыкчам түрдөгү операциялар жасалбайт.