«Нарын мото» заводу өндүргөн продукцияларын сатыкка чыгара баштады. “Нарын мото” заводу Ат-Башы районунда орун алган. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда. Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин. Ата мекендик мотоциклдерди сатып алабыз дегендер «Мбанк”, “Компаньон” банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болот.