Ак-Талаа районунун Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран кармалды.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, 7-августта К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. уруксат кагазысыз кийик эти, ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык жана үч балык уулоочу кайырмак менен колго түшкөн.
Тиешелүү документтер толтурулуп, шектүүлөр жана далил буюмдары тергөө жүргүзүү үчүн Ак-Талаа РИИБине өткөрүлүп берилди.
Министрлик жарандарды жапайы жаратылышты жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзамдарды сактоого чакырды.

