"Эркин-Тоо"

Нарында Президенттин катышусунда Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленүүдө

Нарындын Кочкор районунда КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара белгиленүүдө.

Мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон хандын эстелиги ачылды.

Белгилей кетсек, иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы М.Садыков атындагы стадиондо болот. Ал эми мааракенин маданий бөлүгү Кочкор айылындагы “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат. Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөрү айтылган.

 

 

Пример HTML-страницы