"Эркин-Тоо"
Аймак

Нарында сел жүрүп, 45 үйдүн короосун каптады

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарындагы Ак-Коргон жана Интернат аймактарында тоо коктуларынан түшкөн сел суулары көчөлөрдү жана турак жайларды каптады.

Сел 45 үйдүн короо-жайын каптап, эки турак жайдын ичине суу кирди. Бул турак жайлардын ичинен 14 үй Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы аркылуу камсыздандырылганы айтылды.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 49 куткаруучу, Нарын шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 28 кызматкер жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 30 куткаруучу тартылып, суу сордуруу жана тазалоо иштери жүргүзүлдү.