"Эркин-Тоо"
Аймак

Нарында соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылышууда

24-октябрда Нарын шаарынын борборунда базарда соода кылган ишкерлер салыктык талаптарга каршы акцияга чыгышты. Социалдык тармакка чыккан видеодон акцияга жүздөй ишкер чыкканын көрүүгө болот. Алар Салык кызматы патент системасын калтырууну жана ККМ-аппараттарды жокко чыгарууну талап кылышты.

“Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу болчу,” – деди акцияга чыккандардын бири.

Ал эми Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов нааразылыкка чыккандар менен жолугуп, алардын талаптарын укканын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Соодагерлер Министрлер кабинетине кайрылуу жолдогону белгилүү болду.