Нарын райондук соту жети жашар кыздын өлүмүнө айыпталган адамды12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу облустук сот маалымдады.
Соттун өкүмү менен 64 жаштагы Ш.Х. жалпы режимдеги колонияда кармалат. Жаза мөөнөтү 29-апрелден тарта эсептелмекчи.
Эскерте кетсек, окуя апрель айында Нарындын Орто-Нура айылында болгон. Жети жаштагы Ж.А.Ж. түштөн кийин мектептен чыгып, бирок үйүнө жеткен эмес. Кыздын сөөгү ошол эле түнү эч ким жашабаган үйдөн табылган. Жеткинчектин өлүмүнө шектелип 64 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганы маалымдалган.