"Эркин-Тоо"

Нарындагы мыйзамсыз берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Нарында жеке жаранга мыйзамсыз берилип кеткен 700 чарчы метр жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги кабарлады.

Жерди мамлекетке кайтаруу чечимин Нарын облусунун административдик соту канааттандырды. 2019-жылы Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бузуп, чечим кабыл алган. Бул чечимди сот жараксыз деп тапты.