"Эркин-Тоо"

Нарындагы «Салкын-Төр» жана «Бугу-Марал» эс алуу жайлары реконструкцияланат

Нарын облусундагы «Салкын-Төр» жана «Бугу-Марал» эс алуу жайлары реконструкцияланат. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунан «Бугу-Марал» эс алуу жайын оңдоп-түздөө, туристтерди кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында 5,5 млн сом бөлүнүп берилип, оңдоо иштери башталууда.

Кийинки этапта «Салкын-Төр» эс алуу жайы толук реконструкцияланат, анын долбоору даярдалды.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!