"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом

Нарынга 500 тонна көмүр жеткирилди

«Кыргыз көмүр» ишканасы Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткирилгенин маалымдады.

Ишкананын башкы директору Кайрат Маматов жумушчу сапар менен Нарын облусуна барып, Кара-Кече кениндеги иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Анда калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелери көзөмөлдөндү.

Белгиленгендей, учурда Нарын облусунда күн болуп көрбөгөндөй сууктап, көмүргө болгон муктаждык жогору бойдон калууда.