"Эркин-Тоо"

Насридин АБДУРАИМОВ: “ТАЛБАС ЭМГЕК – ИЙГИЛИКТЕРДИН АЧКЫЧЫ”

Араван районундагы С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Насридин АБДУРАИМОВ

Араван районундагы Санталатхан Юсупова атындагы айыл өкмөтү социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө багыт алган өлкөдөгү алдыңкы аймактардын бири болуп эсептелет. Айыл тургундары мезгилдин талаптарын туура түшүнүп, рынок экономикасынын агымы менен үндөш, жаңы бийиктиктерди багындырышууда. Айыл өкмөтү райондун батышындагы Чек-Абад, чыгыштан А.Анаров, түштүгүнөн Мангыт, түндүктөн Нур-Абад айыл өкмөттөрү менен чектешет. С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн курамына Октябрь, Араван, Эрке-Кашка, Сүткор, Каррак айылдары кирип, аймакта жалпы жонунан 27258 калк жашайт. Айыл өкмөттө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жалпы саны 13. 2 башталгыч мектеп, 6 жалпы билим берүүчү орто мектеп балдарга тарбия берет. 1 саламаттык сактоо мекемеси, 4 китепкана, 2 маданият үйү, 1 музей, 2 клуб калкты тейлейт. Учурда жасалып жаткан бараандуу иштери менен макталып жаткан С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүн Абдураимов Насридин Сатыбалдиевич жетектеп келе жатат. Жаңы жылдын башында Насридин мырза биз менен болгон баарлашуубузда өткөн жылдагы ийгилик коштогон аракеттери туурасында төмөндөгүлөрдү айтып берди.

ИНВЕСТИЦИЯ – ИЧКИ МИГРАЦИЯНЫ ТОКТОТУУГА ӨБӨЛГӨ

— Өткөн жыл биздин айыл өкмөтүбүз үчүн жемиштүү жыл болду. Элеттин тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу максатындагы алдыбызга койгон иш-пландарды жүзөгө ашырууга жетиштик. Айыл аймагында экономиканы өнүктүрүүгө басым жасалып, ички жана тышкы инвесторлорду тартуу багытында бир топ иштер аткарылды. Ошону менен бирге кошумча каржы булактары табылып, жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүлүүдө. Мисалга алсак, айыл аймагындагы жеке ишкер Шакиров Умиджан тарабынан эмеректерди жасоо ишканасы жана сатуу дүкөнү ачылып, ага 2 млн сом каражатын жумшады. Айыл аймагында 24 наабайкана, 4 тегирмен, 11 акжуваз, 16 майжуваз, 1 КДУ, 1 чакан наабайкана, 3 пахта тытуу цехи, 12 мебель жасай турган жай, 1 пахтаны кайра иштеп чыгаруучу ОсОО «АкНиет» кичи цехи, 4 жыгач буюмдарын иштеп чыгаруучу цех, 19 пластик буюмдарды иштеп чыгаруучц кичи ишкана, 10 пилорамма, 3 темирден буюм иштеп чыгаруу жайы, 4 кум кирпич жасоочу ишкана, 1 газблок иштеп чыгаруучу цех, 3 таза суу иштеп чыгаруучу ишкана, 1 ар түрдүү брусчаткаларды иштеп чыгаруу цехи, 2 тиниканы кайра иштөөчү цех, 1 краска иштеп чыгаруучу кичи ишкана, 8 ширетүүчү цех, 3 тигүү цехи жана 1 жыгач куту (ящик) иштеп чыгаруучу кичи ишкана – жалпысынан 133 кичи өнөр-жай ишканалары иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө ишкерлерди колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жаатында айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат.

Аймактын Азизахунов атындагы көчөсүндө 300 орундуу тигүү фабрикасы курулуп, өткөн жылдын сентябрь айында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Тигүү фабрикасынын ачылыш аземине КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдинов жана АКШнын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Соната Коултер катышкан. Бул фабриканын жабдууларына Эл аралык USAID уюму тарабынан 150 миң АКШ доллары, курулушуна 41 млн сом жумшалды. Азыркы күндө фабрикада 280 жумушчу иштеп жатат.

Жеке ишкер Ратан Халилов тарабынан 2 000 000 сом инвести ция салынып, Октябрь айылында бардык шарты бар мал базары ачылган. Ал жерде 10 туруктуу жумушчу орун түзүлдү. Жеке ишкер Т. Курбановдун 9 млн сомдук инвестициясына “Зам-Зам” супер маркетин, 5 млн сом сарптап Фитнес клубун ачкан. Учурда калкка кызмат көрсөтүп жатат. Жеке ишкер Абдуллаев Азизбек тарабынан “Соода борбору” курулуп жатат. Бул долбоорго 12- 13 млн сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталып, курулуш ишинин дээрлик 90% бүтүп калды. Анда 25 жумуш оруну менен камсыз кылуу каралган. Биздин максатыбыз ишкерликти өнүктүрүү менен бирге ички миграцияны сактап калуу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү болуп саналат.

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУНУН АЛДЫН АЛУУ

— С.Юсупова айыл өкмөтүнүн калкы негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алек болуп келишет. Бүгүнкү күндө элибиз малдын асылдуулугун арттырууга артыкчылык бере баштады. Түшүмдү мол берген эгин айдашууда. Айыл аймагында малдын башы аныкталып, санитардыкэпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу максатында 6879 баш ири мүйүздүү малга кулак биркалары, 40 баш жылкыга электрондук чип кадалып, «жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына» катталды жана жыл сайын эмдөөдөн өткөрүлүп турат. Элибизди эт, сүт, жумуртка жана башка күндөлүк турмушта зарыл болгон азык-түлүктөр менен камсыз кылууга жетишип калдык.

Ошондой эле аймактагы дыйкан чарбаларын жана бабадыйкандардын талааларын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөт тарабынан 1 млн 320 миң сомдук сугат-суу насосу сатып алынып орнотулду. Бул насос 115 гектар жер аянтын сугат суу менен камсыз кылып, дыйкандарыбыздын көйгөйлүү маселесин чечүүгө шарт түздү.

АР БИР МАСЕЛЕ – КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

— Айыл аймагындагы мектептерге республикалык, райондук, жергиликтүү бюджеттин жана эл аралык уюмдардын эсебинен колдоолор көрсөтүлүп жатат. Маселен, Азия өнүктүрүү банкынын “Келечек үчүн билим” фондунун негизинде А.Сайдахматов атындагы орто мектебине 20 компьютер эмеректери, Х.Абдуллаев атындагы орто мектебине 15 компьютер эмеректери жана А.Навои атындагы орто мектебине 15 компьютер эмеректери берилип, азыркы күндө компьютерлердин келиши күтүлүүдө. Билим берүү мекемелерин кышка даярдоо боюнча Манас орто мектебинин филиалына от казан орнотулуп, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 650 миң сом каржыланды. Мектепке чейинки “Бүчүр” билим берүү мекемесине жаңы от казан орнотууга жергилктүү бюджеттен 234 000 сом бөлүнүп берилди.

Ошондой эле айыл аймагында социалдык жактан колдоого муктаж болгон жарандарыбыздын тизмеси такталып, даректүү жардамдар берилип турат. Калкынын аярлуу катмарын жакырчылыктан чыгаруу максатында, БУУ ДАТПнин «Эмгек үчүн тамак-аш» долбоорунун алкагында 157 үй-бүлөгө 23550 кг байытылган ун, 2355 кг өсүмдүк майы менен жардамдар көрсөтүлдү.

Ошону менен бирге С.Юсупова атындагы айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2022-жылдын сентябрь айында элди мобилизациялоо менен айыл өкмөтүнүн кызматкерлери массалык ишембиликтерге чыгышты. Октябрь айылында жайгашкан таштанды төгүлө турган полигондун айланасы тазаланды. Айыл аймагынын көчөлөрүндөгү бак-дарактар, имараттар акталып, таштандылар тазаланды.

Ленин көчөсүндөгү “Айыл банктын” алдына кардарлар үчүн атайын шарт түзүлдү. Ага 40 миң сом жумшалды. Баткен согушунда курман болгон М.Калыковдун элесине коюлган “Самолет” эстелигинин айланасы темир тосмо менен тосулуп, 370 000 сомдук ремонттоп-түзөө иштери жүрдү.

1545 үй-бүлө электрондуксоциалдык паспорт алган. Айыл аймагында 3357 пенсионер, 81 жарым жетим, 4 тоголок жетим, 6 Чернобылда кызмат кылгандар, 35 Ооганстан согушунун катышуучулары бар. 80-90-100 жаш курактагы карыялар 242, жөлөк пул алуучулардын саны 560. Андан тышкары Ирак Республикасынан келген айыл аймагында жашап жаткан 9 бала бар. Ооган согушунун катышуучуларына, 8-март Аялдар күнүнө, 21-март Нооруз майрамына, Чернобылда кызмат кылгандардын урматына, Улуу Жениш майрамынын 77 жылдыгына, “Энелер күнүнө”, Орозо Айт майрамына карата, Кургак учук оорусу менен ооруган оорулууларга, 9-июнь акыркы коңгуроо аземине, Курман Айт майрамына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата, 1-октябрь “Эл аралык карыялар күнүнө” карата, мугалимдер күнүнө карата, Баткен согушунун 23 жылдыгына карата, ВИЧ-СПИД оорусу менен ооругандарга колдоо максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай жардамдар берилип турат. 1-июнь «Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө» карата “Алтын ордо” ресторанында атайын иш-чара өткөрүлүп, ар түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп, балдарга белектер тапшырылды. Социалдык жактан колдоого муктаж жарандарыбыздын маселесин чечүү – айыл өкмөтүнүн көңүл борборунда турат.

ИНФРАТҮЗҮМДҮ ЖАКШЫРТУУ – ЭЛ МҮДӨӨСҮ

— Элет жеринин инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, элибиздин ыңгайлуу жашоосуна шарт түзүү айыл өкмөтүнүн күн тартибинде турган негизги маселе болуп эсептелет. Учкай айта кетсем, айыл аймактагы М.Султанов атындагы көчөнүн 1 чакырым жолуна асфальт төшөлдү. Ага республикалык бюджеттен 6 057 000 сом жана тротуарларын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен 1 млн 50 миң сом каржыланды. Араван – Чек-Абад жолунда 400 метр жолдун чекеси кеңейтилип, тазалоо иштери жүрүп, 150 м. куб. топурак ташып чыгарылды. 400 метр толуп калган арыктар тазаланды. Бул иштерге айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом бөлүнүп берилди. Ошондой эле Жомий көчөсү менен Ибн Сино атындагы көчөлөрдө жаңы жол ачылып, ага айыл өкмөтүнөн 48 000 сом, демөөрчүлөр тарабынан 338 000 сом каражат жумшалды. Сүткор айылында жана Х.Сидиков атындагы көчөлөрүндө техникалардын жардамы менен жолдор сүрүлүп, шагыл төшөлдү.

Улукбек көчөсүнө жаңы электр мамычалары коюлуп, чубалгылар тартылып, 15 даана жарык берүүчү мамылар орнотулду. Ал үчүн айыл өкмөтүнүн эсебинен 20 миң сом, айыл тургундарынын эсебинен 5 миң сом каражат жумшалды. Матисаев, А.Солиев жана Хамза атындагы көчөлөргө 150 000 сом сарпталып, электр мамычаларга травес алынды. М.Султанов атындагы көчөнүн ылдый жагына 36 даана мамыча, 1 даана трансформатор орнотулду. Буга республикалык бюджеттен 1 000 500 сом бөлүнгөн. А.Сайдахматов көчөсүнө түнкү жарык берүүчү мамыларды орнотууда айыл өкмөтү тарабынан 20 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 50 миң сом каражат сарпталды. Ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Маселен, Октябрь айылындагы Төрт-Таш ИСКАКБне айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 сомго насос, Навбахор көчөсүнө 140 миң сомдук насос үчүн түтүк алып орнотулду. Навбахор көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн жерди казуу иштерине 100 миң сом жумшалды. Ал эми “Ас-сафа” фондунун 800 миң сомдук колдоосу жана айыл өкмөтүнүн 200 миң сомдук жардамы менен Жаннат көчөсүнө жаңы скважина алынды. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш-чаралары быйыл дагы улантылат.

АТКАРУУЧУЛУК ТАРТИП – САПАТТУУ ИШТИН БАШАТЫ

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, КРнын Министрлер Кабинетинин, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Араван РМАсынын ченемдик-укуктук актыларын, протоколдук тапшырмаларын турмушка ашырууну камсыз кылуусу жана жарандардын кайрылууларын кароодогу аткаруучулук тартиби Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө. 2022-жылдын август айында Ош облустук архиви менен электрондук номенклатура түзүлүп, Араван районунун мамлекеттик администрациясы жана бардык ишкана мекемелери менен “Инфодокс” программасы аркылуу кат алмашууда. Бул тутумга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да туташтырылган.

Статистика боюнча айыл аймагында 27258 калк, 4847 кожолук бар. Санарип аймактык электрондук тутумуна айыл аймагы боюнча 20877 адам, же калктын 76,59%ы жана 4509 кожолук, же 93,02% катталган. Азыркы учурда жарандарга берилүүчү үй-бүлөлүк жана жашагандыгы жөнүндөгү маалым каттар электрондук түрдө берилип, калкты каттоо күн сайын улантылып жатат.

Е-кызматка бардык аппарат кызматкерлери жөнүндө маалыматтар каттоого алынып сакталып жана өздүк баракчалары, резюмелери электрондук түрдө жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана мунициапалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого” ылайык бош административдик орундарга ачык конкурс электрондук түрдө мамлекеттик сайтка жарыяланып турат. Талапкерлер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактар аралык башкармалыгына тестирлөөгө жөнөтүлүп турат.

Өткөн жылы Президентибиз Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен муниципалдык кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүп, бизге бир топ милдеттерди койгон. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн администрациясында иштеген жарандарыбыз татыктуу айлык алышып, ошону менен бирге эки эсе жоопкерчилик менен иштеп жатышат. «Аткаруучулук тартип – сапаттуу иштин башаты” деп коёт эмеспи, буйруса, быйылкы жылда дагы алдыбызга койгон маскттарды толугу менен аткарып, элибиздин алдында жүзүбүз жарык болоруна ишенем.

Даярдаган Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!