Казакстан Республикасынын парламентинин мажилиси кечээ, 19-январда өткөн олтурумунда “Коопсуздук кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагалык кызматын тунгуч президент Нурсултан Назарбаев өмүр бою жетектейт” деген норманы жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо булактарында жарыяланды.
Парламенттин мажилисинин басма сөз кызматы «Элбасы, Казакстандын Улуттук ассамблеясы жана Коопсуздук Кеңеши» жөнүндөгү конституциялык мыйзамдар түп тамырынан өзгөртүлөрүн билдирип, депутаттар тарабынан жактырылганын ырастаган.
.