"Эркин-Тоо"

Назира КАСЕЕВА: “Аксакалдар соту эл арасындагы тынчтыкты камсыз кылууда ролу абдан чоң”

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эксперти Назира КАСЕЕВА

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасындагы аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө изилдөө жүргүзүп, бул институттун актуалдуулугун, маанисин терең иликтеп чыкты. Иликтөө өткөн жылдын июль айынан ноябрь айына чейин республика боюнча 11 калктуу конушта, 7 аймакта, республикалык мааниде Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Анын алкагында республиканын 7 облусундагы 14 аксакалдар соту иликтөөгө алынган. Биз бул маселе боюнча “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун эксперти Назира Касеева менен маек курдук.

— Назира айым, бул иликтөө кандай максатта жүргүзүлдү?

— Иликтөө Аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүнө жана учурдагы абалына баа берүүгө, иштерди кароо тажрыйбасына, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдеги негизги тараптар менен өз ара аракеттенүүсүнө баа берүүгө багытталды. Ал АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен «Ист-Вест Менеджмент Институту» (EWMI) коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан “Укук булагы” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Чынында бул изилдөөнү баштаардан мурда менде да Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү боюнча көп суроолор бар эле. Дегеле бул институттун кереги барбы же жокпу?- деп да ойлондум.

— Кандай жыйынтыкка келдиңиз? Бул институттун кереги бар бекен?

— Аксакалдар соту Конституциялык мыйзам менен бекитилген институт. Ал кыргыз элинде байыртадан эле болуп келген. Учурда жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржыланып иш алып барат. Биз изилдеп көрүп, алардын ушул күндө да активдүү иш алып барып жатканын байкадык. Жарандар, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик, соттор да Аксакалдар сотуна кайрылып, айрым талаш маселелерди чечип берүүнү суранышат экен. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 3282 болсо, 23 жаштан 104 жашка чейинки жарандар. Мүчөлөрү жергиликтүү бийлик жана жарандар тарабынан тандалып алынат. Айрыкча сөзү өтүмдүү жана кадыры бар адамдар ага мүчө болорун билдик. Аксакалдар сотунун актуалдуулугу шаарларда эмес, аймактарда жогору экендигин сездик. Алар түрдүү маселелерге аралашып, мыйзам чегинде иш алып барышат. Мисалга алсак, өткөн жылы Сокулук районунда кыз зордуктоо фактысы катталып, бир айылдын эли кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан чыгарып жиберишкени эсиңиздерде болсо керек. Дал ушул сыяктуу маселелерде укук коргоо органдарынын да күчү жетпей, Аксакалдар сотунун чечими менен жайгарылат. Биз айылдарды кыдырып көрүп, бул институттун турмуштук маселелерге аралашып, көп натыйжалуу чечимдерди чыгарганын билдик. Сокулук районунун Кызыл-Туу, Бакай-Ата районунун Боо-Терек, Тоң районунун Күн-Чыгыш, Сузак районунун Сузак, Ноокат районунун Гүлистан, Кара-Таш, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймактарынын, Токмок, Ош, Бишкек шаарларынын Аксакалдар сотунун жалпы ишмердүүлүгү менен бирге гендердик маселелерди да талдоого алдык. Гендердик маселелер боюнча изилдөөдө республика боюнча Аксакалдар сотунун төрагаларынын 95 пайызы мырзалар экендигин, ал эми катчылык сыяктуу кызматтарды аткарууда гана айымдар жардамга келерин аныктадык. Эң башкысы, бул институттун биздин коом үчүн өтө маанилүү экендигин түшүндүк. Менин жеке пикиримде Аксакалдар соту эң керектүү институт экен. Бул иликтөө Аксакалдар сотунун коомчулук арасындагы ынтымакты, тынчтыкты камсыз кылуудагы ролу абдан эле чоң экендигин көрсөттү.

— Кандай кемчиликтерди байкай алдыңыз?

— Аксакалдар сотторунун туруктуулугу каржылык жана институционалдык аспектилерден көз каранды экени аныкталды. Анын натыйжалуу иштеши үчүн материалдык-техникалык жактан жардамга, квалификациясын жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жана юридикалык кеңештерге муктаж. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо Конституцияда түздөн-түз бекитилгендигине карабастан, мамлекеттик органдарда төлөө механизмдери иштелип чыкпагандыктан, каражат бөлүү учурлары сейрек кездешет экен. Айрым Аксакалдар соттору бекер эле иштеп, элдин маселесин чечээрин билдик. Аксакалдар соту институту 1993-жылы Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы мамлекеттик мекеме катары уюшулган. Бирок, каралбай калып, маанилүүлүгүн жоготкондой таасир калтырып келген. Эгер ал толук кандуу иштесе, мамлекеттик сотторго бир топ жеңилдик жаралмак. Суу талаш, үй-бүлөлүк чырлар сыяктуу маселелер жеринде чечилип турмак.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!