Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн металлургиялык ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда Бакыт Төрөбаев тармакты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын, бул ири өндүрүш ишканаларынын экономикалык кайтарымдуулугун күчөтүүгө багытталган алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берерин белгиледи. Жолугушуунун катышуучулары металлургдарга жогорку салык жүктөлгөнүн, бул чыгашалар тобокелдигине алып келгенин, анткени ички рынокто сатуунун көлөмү төмөндөп, ал эми экспорттук агым металлургия продукциясын — болот, чоюн жана башка металл буюмдарын чыгарууга эбактан бери адистешкен өлкөлөрдөн келген жеткирүүлөр менен атаандашууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдиришти.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Жылдыз ДЫЙКАНОВА

