Америкалык миллиардер Илон Масктын Neuralink компаниясы 2026-жылы толугу менен көрбөй калган адамдардын көрүү жөндөмүн жарым-жартылай калыбына келтирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Маск X (мурунку Twitter) социалдык тармагындагы баракчасына жазып, анын билдирүүсүн РИА Новости агенттиги таратты.
«Келерки жылы толугу менен көрбөгөн адамдын көрүүсүн жарым-жартылай калыбына келтирүүгө багыт алып жатабыз», — деп билдирген Маск.
Буга чейин, тактап айтканда өткөн жылы, Neuralink компаниясы көзгө орнотулуучу имплант тууралуу маалымат берип, ал көзү тубаса көрбөгөн адамдарга да көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн жарыялаган. Масктын айтымында, имплант башында начар көрүү мүмкүнчүлүгүн берип, кийинчерээк адам кадимки көз көрө албаган нурларды жана жашыруун толкундарды да таанып, көрө алат.