"Эркин-Тоо"

Никаб кийүүгө тыюу салуу сунушу колдоо тапты

23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети диний чөйрөдөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсуповдун айтымында, парламенттик угуудан кийин бир катар депутаттардан мыйзам долбоорлоруна бир нече сунуштар түшүп, айрымдары кабыл алынды.

Мыйзам долбооруна ылайык, башкармалык динди жайылтуу же таңуулоо максатында, анын ичинде психологиялык, физикалык басым, коркутуу же зомбулукту колдонуу аракеттерди алдын алуу максатында турак жайларга (диний объектилерди кошпогондо) үймө-үй кыдырууга тыюу салууну сунуштайт.

Дин боюнча мамлекеттик комиссия буга чейин маалымат жыйынында эмне үчүн үймө-үй кыдырууга тыюу салууну сунуштап жатышканын түшүндүргөн.

«Даават исламда парз эмес жана бул динди жайылтуунун бир ыкмасы болуп саналат. Андыктан бул норма жаңы мыйзам долбоорунда каралган, аны менен уламалар кеңеши, казыят жана муфтият тааныш», — деп айткан Юсупов.

Мындан тышкары, Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин 127-1-берене менен толуктоону сунуштайт.

Мамлекеттик органдарда жана коомдук жайларда жарандын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүү, жумушка жана кызматтык иштерге байланыштуу кийимдерди кошпогондо, ошондой эле медициналык себептерден улам бетин жаап коюу — жеке жактарга эки жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет, эсептик көрсөткүчтөр -(20 миң сом).

Буга чейин эксперт Кадыр Маликов бардык документтерди изилдеп чыгып, мамлекет жана анын саясаты исламга, мусулмандарга жана динчилдерге каршы багытталган эмес деген бүтүмгө келгенин билдирген.

Негизинен мамлекеттик саясат исламды камтыган салттуу баалуулуктарды сыйлоого негизделген. Тескерисинче, мамлекет коомду жамаатка бөлбөй, биримдигин сактоого кызыкдар. Тыюу хиджабга, тагыраак айтканда, коопсуздук үчүн бети толук жабылган никабга тиешелүү эмес экенин түшүнүү керек. Адам укуктары боюнча эл аралык документтерде калктын басымдуу бөлүгүнүн коопсуздугун камсыз кылуу мыйзам бузуу болуп саналбайт»,- деп айткан Кадыр Маликов.

Пример HTML-страницы