"Эркин-Тоо"

Никаб же паранжа кийгендерге айып пул салынат

Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында жарандарга дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп баштады. Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашырганга, мындайча айтканда, паранжа, никаб кийип жүрүүгө тыюу салынган. Милиция кызматкерлери масштабдуу рейд өткөрүшүп, мыйзамды аткарбай жаткандарга эскертүү беришти. Мындан ары мыйзамга баш ийбегендерге жыйырма миң сомдон айып пул салынары айтылды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы бул маселе боюнча пикирин билдирип, Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынганын билдирди.

— Жакында дин тармагын иретке салган мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда дин тутунгандар боюнча бардык укук муфтият менен Аалымдар кеңешине берилген. Бийлик дин тармагына кийлигише албайт. Кийлигишпейбиз дагы. Ошондуктан муфтият кандай фатва чыгарса, ал фатва бүткүл өлкө боюнча аткарылышы керек. Муфтият жөндөн-жөн эле оюна келген фатваны чыгара бербейт. Дин боюнча илимге, куранга, хадистерге таянат. Ал эми хиджаб, никаб, паранжа боюнча айтсам, хиджаб деген сөз биздин тилде жоолук деген эле сөз. Арабча хиджаб деп аталат. Биз жоолук деп эле атасак болот. Хиджаб десе эле чочугандар бар. Жоолук бул атам замандан бери эле биздин энелерибиз, эже-карындаштарыбыз салынып келген баш кийим. Буга эч ким каршы эмес. Жоолукту ким кандай салынат ал өзүнүн иши. Оронуп алабы, чулганып алабы жүзү ачык болсо болду. Ал эми никаб деген көзү гана ачык болгон баш кийим. Паранжа дегенди өзүңөр жакшы билесиңер жүзүн толук жаап жүргөн баш кийим. Экөө тең бизге муфтият тарабынан тыюу салынган. Ошол үчүн муфтияттын фатвасын биздин жарандар милдеттүү түрдө аткарышы керек. Биздин илгертен берки салтыбызда деле энелерибиз, эже-карындаштарыбыз эч качан паранжа кийген эмес. Ошондуктан, жөн эле экилене бериштин кереги жок.

Ал эми күч органдарына айтарым, «Бөрк ал десе, баш алмай» саясат болбош керек. Жүзү ачык, бирок жоолукчан жүргөндөргө таптакыр жолобогула. Мейли жоолукту оронуп салынабы же апалар салынгандай ээктен байлап салынабы ар кимдин өз иши. Илгери деле ар ким ар кандай салынчу. Бул ар кимдин өз укугу. Болгону жүзү ачык болсо болду. Ал эми жанагындай жүзүн такыр эле таанылгыс кылып бекитип жаап алган никаб менен паранжа дегенге каршы туралы” деди.

Албетте, Президентибиз эң туура белгилегендей, кылым карыткан наркыбызда, салтыбызда паранжа деген нерсе болгон эмес. Касиети бийик кыргыз аял затын кара чүмбөткө ороп, чүмкөгөн мындай турсун, акылы тетик, сөзү жетиктерин төбөсүнө көтөрүп, эл башына чыгарып келген. Ага тарыхтын өзү күбө. Кечээки эле доорду карасак, Курманжан Датка бир өрөөндү башкарып турган. Жакынкы тарыхты алсак, Роза Отунбаева президент болду. Акыл мурастарга үңүлсөк, Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдүү энелерибиз аял затына чоң урмат-сый менен мамиле кыларыбызды тастыктайт. Анан ошол ата салтын жокко чыгарып, сырттан келген караңгы идеологиялардын урааны менен эже-карындаштарыбызды кара чүмбөткө ороп салганыбыз такыр акылга сыйбай калат. Анын арты кейиштүү бүтүшү да мүмкүн. Элдүүлүгүбүздүн жоголушуна да алып келиши ыктымал.

Ал арада Муфтият дагы никаб, паранжа боюнча элге кайрылып, “Бөйрөктөн шыйрак чыгарууга аракет кылгандарга түшүндүрмө берди. Анда айтылгандай, шариятта эрезеге жеткен аял затынын уяттуу жери (аурат) – жүзү жана билектен ылдый эки колунан башка бардык денеси экени белгилүү. Аялдын жүзү жана алаканы ауратка кирбейт. Хиджаб – бул аял кишинин шарият талап кылган тариздеги жоолук жана кең кийими. Ал эми никаб – аялдын жүзүн жапкан парда. Хиджаб менен никабдын өкүмдөгү айырмасы бар. Маселен, хиджабдын өкүмү – ар бир момун-мусулман аялдын хиджаб кийүүсү милдеттүү болуп эсептелет. Ал эми никабдын өкүмү – мустахаб, бирок парз эмес. Аны такпаса күнөөкөр болбойт. Кээ бир учурларда макүрөө болот, мисалы намаз окуганда. Кээ бирде, ажылыкта жүзүн бетине тийгизип жаап жүрсө арам болуп калат. Кайсы бир замандарда эркектерге бүлгүн (фитна) болгондуктан аны тагынуу важиб болгон. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө никабды важиб кылууга негиз жок. Буга бир канча себептер бар.

Атап айтсак, азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы эч кандай коркунуч жок. Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө.

Андыктан, коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Ачыгын айтканда, никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш. Ал эми бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан, тааныла тургандай жүз ачып жүрүү өтө маанилүү. Демек, паранжа кийүү маселеси негизги диний маселелерге кирбейт. Аны кийүү бүлгүндүү (фитналуу), оош-кыйыштуу учурларда гана ваажип болот. Кыскасы, аялзатынын бетин чүмкөгөн паранжа маселесин ооздуктоо мыйзам менен бекитилди. Милиция кызматкерлери алгач эскертүүлөрдү берип жатат. Эгер ал аткарылбаса, 20 миң сомдон айып салуу башталат. Биз ата салтынан тайбай, көөнөрбөс наркыбызды, улуу салтыбызды сактаганга аракет кылышыбыз зарыл.

Зулпукаар Сапанов