Азиз Санжар түрк дүйнөсүндөгү окумуштуулардын ичинен Нобель сыйлыгын алган алгачкы илимпоз. Ага бул эл аралык эң чоң абройлуу сыйлык 2015-жылы адамдын ДНКсындагы элементтерди калыбына келтирүү багытында изилдеген эмгеги үчүн берилген.
Азиз Санжар Американын Түндүк Каролина университетинде биохимия жана биофизика факультетин жетектейт. Ал окумуштуулар менен болгон жолугушууда:
“Эгер биз толук көз карандысыздыгыбызды жана өз укуктарыбызды сактап, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү кааласак анда фундаменталдык илимдерге инвестиция салышыбыз керек. Мен түрк элдеринин өкүлүмүн. Биз түрк элдеринин күчтүү, бакубат болгонун көргүбүз келсе, эң ириде илимде күчтүү болушубуз керек. Курал-жаракты жана башка аскердик техникаларды акчага сатып алсак болот, бирок ал техникалар бузулуп калса аны оңдой турган кадрларыбыз болбосо, жарым жолдо калып кетебиз. Эгер биз бул багытта начар, алсыз болсок анда сырткы күчтүү дүйнөнүн кысымына туруштук бере албай калабыз. Бизде аябагандай чоң мүмкүнчүлүк, потенциал бар. Башкысы – ошол мүмкүнчүлүктү илимге негиздеп, аны кийинки жаш муундарыбызга үйрөтүшүбүз керек.
Рактан сактануу үчүн биринчи кезекте тамеки чегүүдөн баш тартыш керек» дейт Азиз Санжар. Дүйнө жүзү боюнча рак менен ооругандардын 30 пайызынын башкы себеби тамеки болуп саналат. Окумуштуулар бул багытта тынбай, көшөрө эмгектенип, белгилүү бир ийгиликтерге жетишти, бирок бул өлүм алып келген ооруну биротоло жеңиш азырынча мүмкүн болбой жатат.
Азиз Санжар адам мээсиндеги шишиктерди дарылоо жана рак клеткаларын жок кылуучу жаңы ыкмаларды табуудагы эң татаал багытта эмгектенет. Анын “ДНКны калыбына келтирүү жана ракты дарылоо” аттуу лекциялары миңдеген студенттердин күндөлүк иш практикасына айланган.
Окумуштуу 2018-жылы Бишкекке келген. Ал кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттери менен “Илим жана улуттук өнүгүүлөр” деген темада өткөн конференцияда түрк дүйнөсүнүн жаштарына: ”Силер тыным билбей катуу эмгектенишиңер керек, анткени ийгилик оңой эле келе койбойт. Эмгексиз силер өз үйүңөргө, өлкөңөргө, бүткүл дүйнөгө пайда алып келе албайсыңар. “Манас” университети силерди ийгиликке баштаган жол. Мен студент кезде жуманын 7 күнү 18 саттан иштечүмүн” деп кайрылган.
Азиз Санжар ар кайсы эл аралык чоң форумдарга, платформаларга дайыма катышып келет, ошону менен бирге эле ал дүйнөлүк аянтчаларда түрк элдеринин Маданият элчиси катары түркий руханий баалуулуктарды, дөөлөттөрдү жайылтат, дүйнөгө таанытат.
“Түрк маданиятынын элчиси” наамы 2023-жылы ТҮРКСОЙ курамына кирген Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбек-стан, Түркмөнстан, Түркия өлкөлөрүнүн маданият министрлеринин Туруктуу Кеңешинде уюштурулган. Бул наам дүйнөлүк кадыр-баркы, атагы бар маданият, өнөр жана илим жаатындагы инсандарга ыйгарылат. Анын башкы максаты – түрк маданиятын таанытуу, жайылтуу, маданияттар арасындагы байланышты чыңдоо, маданият аркылуу биримдикке умтулуу. 2023-жылы Азербайжандын Шуша шаарында өткөн ХХХХ Туруктуу Кеңеш чечими менен бу наам биринчи жолу белгилүү окумуштуу, Нобель сыйлыгын түрк дүйнөсүнөн биринчилерден болуп алган Азиз Санжарга ыйгарылган. Наамды тапшыруу аземи ушул жылдын 19-январында АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Роли шаарындагы эл аралык Азиз Санжар маданий борборунда өттү. Салтанатка дүйнөлүк, америкалык атактуу окумуштуулар, саясатчылар, маданият ишмерлери катышты. “Түрк маданиятынын элчиси” наамын эл аралык түрк маданияты кызматташтык уюму – ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев тапшырды:
«Нобель сыйлыгынын ээси Азиз Санжар адамзатка кошкон салымы үчүн бир гана Түркия эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү жана бүткүл адамзат сыймыктана турган илимпоз катары тарыхка алтын тамга менен ысымын жазган адам. Бул ийгилик Жаңы Түркия Республикасынын дүйнөлүк универсалдуу баалуулуктарга кошкон салымынын эң конкреттүү мисалдарынын бири. Илимий изилдөөлөрү менен дүйнөгө таанылган инсан, өзүн коомго жана адамзатка берилгендиги менен да тааныта алды. Бул анын улуулугу жана ошол эле учурда жөнөкөйлүгү» деди Султан Раев.
Бул наамды тапшыруу аземинде Азиз Санжарга Улуу Тоолордун символу болгон кыргыздын ак калпагы, казактардын Хан чапаны, өзбектердин бел курчоосу, азербайжандардын эркиндик символу Хары-Бюльбюль төш белгиси, түрктөрдүн аристократиялык белгисин туюндурган “бастон” (таяк), түркмөңдүн улуу акыны Махтумкулинин ыр жыйнагы белекке берилди.
Сыйлык ээси өз сөзүндө “Бул белектер мен үчүн өтө кымбат, анткени булар түрк дүйнөсүнүн бир туугандыгынын, ынтымагынын символдору. Түркий маданиятты дүйнөгө жайылтуу менин ыйык миссиям деп билем, анткени биз улуу маданияттын мураскерибиз, дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бөлүгүбүз” деди Нобель сыйлыгынын лауреаты Азиз Санжар.
Өмүрбек Тиллебаев