"Эркин-Тоо"
Аймактарда Жаңылыктар

Ноокат – Араван унаа жолунун 9 чакырымына асфальт төшөлөт

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Ноокат – Араван унаа жолунун 10-чакырымынан 19-чакырымына чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлөт. Учурда жолдун негизин даярдоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жолду куруу иштери транспорт министрлигине караштуу №37 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.