2024-жыл А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтү үчүн бир гана сан менен эмес, жыйынтык менен коштолгон ийгиликтүү жыл болду. Жалпы жамаат ак эмгеги менен аймактын тургундарына жылуулук тартуулап, ишенимге ээ боло алды. Башчы Майрамбек Нурматов жетектеген команда элге жакын, ишке берилген, максатка бекем экенин көрсөтүп, атайын бекитилген иш-план менен айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууга, инфраструктураны жаңылоого жана социалдык жетишкендикти жүзөгө ашыруу багытында эмгектенүүдө. Алардын талбаган эмгеги менен аймактарды ирилештирүүнүн натыйжасында А.Мирмахмудов айыл аймагы 2024-жылы дотациядан чыгып, туруктуу өнүккөн аймакка карай багыт алды. Айыл аймагынын башчысы Майрамбек Нурматов тармактардагы жетишкендиктер тууралуу биз менен ой бөлүштү.
Башкаруу реформасы жана санариптештирүү
— Аймактагы башкаруу системасындагы административдик-аймактык реформага ылайык, айыл өкмөтүнүн чек арасы өзгөрүүсүз калды. Бул, элдин каалоосу эске алынган чечим болду. Ошол эле учурда башкаруунун заманбап ыкмалары ишке киргизилип, “Санарип аймак” системасына калктын 90%ы кошулду. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка өткөрүлүп, “е-Kyzmat”, “Infodocs” сыяктуу платформалар аркылуу кызматтар жеңилдетилди.
Экономикалык туруктуулук жана инвестициялар
— 2024-жылда экономикалык тармакта олуттуу жылыштар болду. Салыктар жана жыйымдар 6%га жогорулап, өндүрүлбөгөн салыктар 115,4%га аткарылды. Бюджеттин киреше бөлүгү 5%га көбөйүп, айыл өкмөттүн каржылык абалы бекемделди. Мунун натыйжасында ички дүң продукция өсүп, айыл чарба 4,08%, курулуш 4%, соода-сатык 5% көрсөткүчкө жетти. Бул сандар жөн гана эсеп эмес – бул тармактарда өнүгүүнүн болуп жатканынын далили.
Мындан тышкары, логистикалык борбор курууга 2 млрд 196 млн сом инвестиция тартылып, чоң долбоорлордун эшиги ачылды. Арал айылында 10 млн сомго заманбап мал базар курулуп, пайдаланууга берилди. Бүгүнкү күндө 15 адам иштеп жатса, алдыда дагы 25 адам жумуш менен камсыз болот деп турабыз. Темир-бетон заводу, идиш-аяк чыгаруучу цехтер, соода борборлору – мунун баары реалдуу экономикадагы көрүнүктүү өсүштөр.
Социалдык камкордук жана билим берүү
— Социалдык тармакта да чоң демилгелер ишке ашты. Бала бакчаларды курууга жер тилкелери даярдалып, айрымдары трансформацияланып бүттү. Кара-Кокту жана Капчыгай айылдарында жаңы мектептердин курулушу жүрүүдө. Ошондой эле Беруний мектебинде “Ата-энелер мектеби” уюштурулуп, тарбия тармагына көңүл бурулду.
Мектеп автобустары ишке кирип, балдар коопсуз шартта билим алууга жетишти. Ашканалар курулуп, башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак менен камсыз болду. Мугалимдер менен окуучулар үчүн санариптик сабаттуулук боюнча окутуулар өткөрүлүп, билим берүү тармагына жаңыча дем берилди.
152 аз камсыз болгон үй-бүлөгө окутуулар уюштурулуп, социалдык контракттардын негизинде колдоо көрсөтүлдү. Жетим балдардын турак жай маселеси да көңүл сыртында калбай тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Таза суу жана инфраструктура
— Кара-Кокту, Чапаев жана Киров айылдарында таза суу менен камсыздоо иштери ийгиликтүү жүрүп, скважиналар казылып, суу куурлары тартылды. 85 кожолук ичүүчү сууга жетип, турмуш сапаты жогорулады. Ирригациялык арыктар тазаланып, сугат суу маселеси чечилди.
Жолдор да унутта калбастан Барын айылында 2800 м жол асфальтталып, тротуарлар жасалды. Шагыл төшөө, жол белгилерин орнотуу аркылуу транспорт инфраструктурасы кыйла жакшырды.
Энергия, экология, коопсуздук жана тазалык – эл үчүн
— 100 даана электр мамычасы орнотулуп, жаңы КТПлар коюлуп, түнкү жарыктар элге коопсуздукту жана ыңгайлуулукту тартуулады. Чакан ГЭС куруу боюнча иш алып барылып, инвесторлор изделүүдө. Бул кадамдар энергиянын жеткиликтүүлүгүн жана аймактын туруктуу камсыздалышын көздөй багытталган.
Тазалык – коомдун маданияты. Кара-Кокту айылында таштанды коругу уюштурулуп, “Тазалык” ишканасы ачылып, бул ишканага 3 даана атайын техника сатып алуу боюнча тендер жарыяланды.
Жарандар менен диалог – коопсуздук жана ынтымак негизи
— Жол коопсуздугу боюнча белгилер коюлуп, эл менен жолугушуулар уюштурулду. Ар түрдүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш бекемделди. Бул иш-чаралар жарандардын өз тагдырына кайдыгер болбостон, активдүү катышуучу болушуна өбөлгө түздү.
А.Мирмахмудов айыл өкмөтү 2024-жылы кеңири масштабдагы иштерди аткарып, элдин ишенимине татыды. Бул жетишкендиктер – чыныгы жергиликтүү бийликтин элге жакын иш алып баруусунун, ырааттуу жана так пландын жыйынтыгы. Аймактагы ар бир ташталган кадам – келечектин пайдубалы болмокчу.
Туруктуулуктан өсүшкө карай ишенимдүү кадамдар
— 2025-жылга карата А.Мирмахмудов айыл өкмөтү өзүнүн иш-планын бекитип, аны так жана натыйжалуу аткарууга ниет кылууда. Бул жылы айыл өкмөтүнүн негизги максаты – мурдагы жылдардагы ийгиликтерди бекемдөө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана жарандардын жашоо сапатын дагы жогорулатуу. Быйылкы жылы жалпы 17 багыт боюнча иш жүргүзүү пландалып, ар бир багыт – айыл тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүчү актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган. Атап өтсөк:
Мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо – мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу багытында Президенттин №56 Жарлыгынын негизинде иштер жүргүзүлөт. Мында жол боюндагы тоскоолдуктар алынып, жолдор жана тротуарлар калыбына келтирилет.
Экономика жана туруктуу өнүгүү – аймактын 2025–2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыгат. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин 5%га жогорулатып, салыктар менен жыйымдардын көлөмү 6%га көбөйтүлөт. Ички дүң продукция да дээрлик бардык тармактарда өсөт: айыл чарба — 3%, курулуш — 5%, соода — 4%, кызмат көрсөтүү — 2,5%.
Инвестициялар жана бизнес климат – приоритеттүү долбоорлор аныкталып, аларга инвестиция тартуу боюнча аракеттер көрүлөт. Инвесторлор менен активдүү байланыш түзүлүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат.
Ишкердикти өнүктүрүү – логистикалык борбордун курулушу улантылып, соода борбору, дарыкана, унаа жуучу, унаа оңдоочу жай жана күнөсканалар ачылат. Курулуш материалдарын чыгаруучу кичи цех ишке берилет.
Айыл чарба жана экология – “Бир адамдан бир көчөт” демилгеси менен массалык бак-дарак отургузуу иштери жүрөт. Пайдаланылбай жаткан жерлер өздөштүрүлүп, органикалык айыл чарба продукциясы өнүктүрүлөт. Дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат.
Энергия жана жарык берүү – электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүсү үчүн дебитордук карыздарды 10%га кыскартуу пландалууда. Кара-Кокту жана Капчыгай айылдарына чакан ГЭС куруу боюнча инвестор тартылат. 2 даана КТП орнотулуп, түнкү жарыктар кеңейет.
Санариптик башкаруу – “Санарип аймак” системасына чарба китептери киргизилип, “Түндүк” жана “е-Kyzmat” платформалары аркылуу мамлекеттик кызматтар санарип форматка өтөт. Үй-бүлөлөрдүн социалдык карталары түзүлөт.
Билим жана социалдык объекттер – Капчыгай, Кара-Кокту, Беш-Тал жана Пазилов мектептеринин жаңы имараттары, Чапаевде спорттук аянтча, Арал жана Барын айылдарында бала бакчалар курулат. Пазилов мектебинде жылытуу системасы жаңыланат.
Таза суу жана ирригация – 550 метрлик канал бетондолуп, Кара-Кокту, Арал, Киров айылдарында суу менен камсыздоо кеңейет. Эски скважиналардын коопсуздугу камсыздалып, ички арыктар тазаланат.
Жолдор жана транспорт – Г.Гулам, Маматалиев, С.Каратаев көчөлөрү асфальтталып, шагыл төшөлүп транспортко болгон жеткиликтүүлүк жогорулайт.
Тазалык жана экология – таштанды таштоочу жайлар уюштурулуп, “Тазалык” ишканасы эффективдүү иш алып барып, айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө багытында иштер жүргүзүлөт.
Ден соолук жана маданият – санариптештирүү аркылуу медициналык кызматтар жакшыртылат. “Энелер мектеби” иштейт. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип, маданий иш-чаралар уюштурулат.
Билимдүү улут – күчтүү келечек — ата-энелер мектеби уюштурулуп, окуучуларды ташуу, технологиялык сабаттуулук, олимпиадалар жана “Билим Ордо” таймаштары өткөрүлөт.
Инклюзивдик коом – жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлөт. Социалдык контракттар ишке ашырылып, турак жай маселелери чечилет.
Иш менен камсыз кылуу – акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартуу жана кесиптик окутуулар аркылуу жумушсуздук деңгээли төмөндөтүлөт.
Коопсуздук – жол белгилери коюлуп, эл менен жолугушуулар уюштурулат. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу — башкы приоритет.
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы иш-планы туруктуулукту сактоо менен бирге жаңы өсүштөрдү жаратат деген ишенимди берет. Бул багыт – ишенимдүү өнүгүүнүн жолу. Аймактагы ар бир ташталган кадам – келечектин пайдубалы экенин ар бир аткарган ишибизде далилдей бермекчибиз.
Кенже Осмоналиева