"Эркин-Тоо"

Ноокат шаары жана бир катар айылдар таза суу менен камсыздалат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 3-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо“ долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 6-октябрында кабыл алынган.

Долбоордун максаты Ноокат шаарында, ошондой эле жакын жайгашкан 4 — Фрунзе, Чапаев, Нойгут жана Арал айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоодо жана модернизациялоодо жардам көрсөтүү болуп саналат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!