"Эркин-Тоо"

 Ноокат шайлоо округунда беш шайлоо тилкедеги добуштар кайра саналат

№5 Ноокат шайлоо округунан ЖК депутаттыгына талапкерлер Артыкбай Абдивалиев, Санжарбек Төлөнбаев, Касымбек Кыланов, Элдар Кудайбердиев жана Бакытбек Ажыгулов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Алар шайлоо күнү Ноокатта 30 мүнөт электр жарыгы өчүп калганын, бул шайлоо жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн экенин билдиришкен. Андыктан 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин арызы каралып, №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынганы белгилүү болду.

Жыйынга катышкан талапкерлер шайлоодогу башка мыйзам бузуулар жөнүндө дагы айтышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык арыздар каралып, жыйынтык чыгарыларын билдирди.

Эске салсак, 30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.

Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!