Ош облусунун Ноокат районунда мал уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 23-май күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын 8 тургуну Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Алар 2023-жылдын апрель айында жалпы 22 баш малын жайытка айдап, ошол бойдон таппай калгандыгын билдиришкен.
Аталган арыздар Ноокат РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн (уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жарандарга жалпы 1 млн 420 миң сом материалдык зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө-иш чараларынын негизинде шектүү катары ушул эле райондун 33 жаштагы тургуну Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү уурдалган малдарды Ноокат районундагы мал базарда жана өзү жашаган үйүнөн мал алып-сатып иштеген жарандарды чакырып саткандыгы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 5 баш мал ээлерине кайтарылды.
Учурда мал урулукка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.