Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 74 млн сомду түздү. Башкы план боюнча ал 225 орунга ылайыкталган жана эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар.
Мындан тышкары, лаборатория, китепкана, дарыгерлер бөлмөсү, компьютердик класс орун алган.
Белгилей кетсек, объекттин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт.

