"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ноокатта 275 орундуу мектеп курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлагандай, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Мойнок айылында жаңы мектеп салынууда.

Эки кабаттуу болуп курулуп жаткан 275 орундуу А.Сыранов атындагы мектеп 4 блоктон турат жана анын жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.

Окуу комплекси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Учурда иштердин 95 пайызы бүткөрүлдү.