Ноокатта тыюу салынган уюмга тийиштүү материал тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук Ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан социалдык тармактарга анализ, талдоо жүргүзүп жаткан учурда «инстаграм» социалдык тармагында Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну А.у.А. аттуу жаран өзүнө таандык болгон атайын Фейк аккаунт даярдап, ошол аккаунт аркылуу социалдык тармактарда «Хизбут-Тахрир-Аль Ислами» уюмуна тийиштүү ар кандай видеотасма, аудио жазууларды таркатып жана аларды колдоп жүргөндүгү аныкталган.
Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Дайындалган комплекстүү лингвистикалык жана дин таануу экспертизанын жыйынтыгынын негизинде, А.у.А. атуу жаран Ноокат РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.