Ноокат аймактык ооруканасынын башчысы Асамидин Мариповдун маалымат булактарына билдирүүсү боюнча, аталган ооруканага медициналык кычкылтек заводу курулат.
Асамидин Мариповдун айтымында, коронавирус жуктургандар жана кычкылтекке үзгүлтүксүз муктаж бейтаптар үчүн кычкылтекти Казакстан менен Өзбекстандан сатып алуу кымбат болуп жатат.
«Учурда өлкөдөгү дээрлик бардык дарылоо профилактикалык мекемелеринде кычкылтек системаны үзгүлтүксүз камсыз кылуу көйгөй болууда. Коңшу өлкөлөрдөн 1 кг кычкылтек сатып алганда 62,5 сом болот. Эгерде медициналык кычкылтек өндүрүүчү заводун курсак, 1 кг кычкылтектин баасы 7 сом 20 тыйынга айланмак. Ошондо Ноокат райондук ооруканасындагы 250 орунда 1 жылда үзгүлтүксүз кычкылтек менен дарыланган чыгымдарды 37 млн сомдон 3,7 млн сомго чейин кыскартууга мүмкүнчүлүгү түзүлөт», — дейт Марипов.
Учурда бул долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан колдоо тапты. Заводду куруу үчүн жер бөлүнүп, Дүйнөлүк банк менен кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Курулуштун сметалык баасы 20 млн сомду түзөт. Завод курулуп калса, бир гана Ноокаттын ооруканасын эмес, коңшу аймактарга да берилип турат.