Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык кардиология бөлүмү 39 жылдан соң биринчи ирет капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда оңдоо иштери соңку баскычка жетип, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, аталган кардиология бөлүмүнүн имараты 1989-жылы 40 орунга ылайыкталып курулган.