"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ноокенде ӨКМдин жаңы имараты курулду

Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Бүргөндү бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды.

Имараттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, ӨКМдин облус боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров жана жергиликтүү тургундар катышты.

2024-жылдын октябрь айында башталган курулуш иштери ийгиликтүү жыйынтыкталып, объект Ноокен райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен тургузулду.

Имаратты курууга жалпысынан 17 миллион сом сарпталды.