"Эркин-Тоо"

Ноокенде 15 жаштагы өспүрүмгө ок тийип каза болду

Ноокен районунда айылдашынын огунан 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-августтан 26-августка караган түнү Ноокен районунун 42 жаштагы С.Б. аттуу тургуну топтолуп отурган балдар тарапка өзүнүн мергенчилик ок атуучу куралынан бир ирет ок чыгарган. Ок аталган айыл аймактын 15 жаштагы тургунунун баш тарабына тийип, өспүрүм алган жараатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Окуя Ноокен РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 42 жаштагы С.Б.аттуу тургуну кармалып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!