"Эркин-Тоо"

Нооруз – 2023: Көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү

Бүгүн, 14-март күнү Бишкек шаарынын Аккула ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана күйөрмандар катышты.

Министр өз сөзүндө баардык катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады:
“Көк бөрүнү канча көрсөк да, ар бир оюн өзгөчө! Жерде туруп көтөрө албаган салмакты ат жалында көтөрүп, казанга салган жигиттер суктандырбай койбойт. Мына ушундай улуттук оюндарга бай кыргыз маданиятын көрүп ар дайым сыймыктанабыз. Жигиттерибизге ийгилик!”,-деди Алтынбек Максүтов.
Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда. Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.

Оюндар КТРК Спорт телеканалында түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!