"Эркин-Тоо"

Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Күн мурун, 13-мартта Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө жалпы жети оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Экинчи лига:
«Ак-Суу» жана «Аккула» — 0:2;
«Кара-Балта» жана «Тянь-Шань» — 5:0;
«Көк-Жал» жана “Ак-Илбирс» — 3:1;

Биринчи лига:
«Ысык-Ата» жана «Ачы» — 2:1;
«Кемин» жана «Саякбай-Ата» — 3:0;
«Жаштык» жана «Өзгөн ынтымагы» — 5:4;
«Бишкек Четинде» жана «Бакай-Ата» — 3:2.

Бүгүн, 14-мартта оюнга чыга турган курама командалардын тизмеси:

Саат 9:00-9:55 — «Теңир-Тоо» — «Сары-Өзөн Чүй» (40 жаш);
Саат 10:00-10:55 — «Жалал-Абад » — «Жети дубан» (40 жаш);
Саат 11:00-11:30 катышуучулардын парады:
Саат 13:00-14:30 «Сары-Өзөн» — «Ак-Шумкар» (жогорку лига);
Саат 14:30-15:25 «Ардагерлер» — «Ысык-Көл» (40 жаш);
Саат 15:30-16:25 «Сары-Өзөн Бишкек» — «Талас» (40 жаш);
Саат 16:30-17:25 «Ош шаары » — «Суусамыр» (40 жаш).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!