Ички иштер министрлиги Нооруз майрамына карата коопсуздук чараларын күчөтөрүн маалымдады.
ИИМдин «Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө” буйругуна ылайык, укук тартибин сактоо, анын ичинде жол кырсыгын алдын алуу үчүн план иштелип чыкты.
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан 23-мартына чейин борбор калаадагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт жабылат. Мындан тышкары, Абдымомунов көчөсү, Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы чектелет.