"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Норка терисин мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Ош шаарындагы аэропортто Салык кызматынын кызматкерлери норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Маалыматка ылайык, Россиядан келген жүргүнчүнүн жүгүн текшерүүдө тийиштүү коштомо документтери жок 451 даана (47 килограмм) норка териси табылган. Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзам бузуу жагдайы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралары айтылды.