Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-ноябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, социалдык блок боюнча орун басары Эдил Байсалов жана билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева баштаган бир катар мамлекеттик үлкөн кызматты аркалаган жетекчилерге сөгүш жарыялады. Сөгүштү билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева, Президент менен Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары Жипариса Рысбекова жана ошол башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековдор да алышты.
Президенттин расмий сайтында 25-ноябрь күнү жарыяланган маалыматында аларга “орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн” административдик жаза берилгени айтылган. Бул КР Президенти тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы баштаган мамлекеттик кызмат адамдарына берген алгачкы административдик жазасы. Министрлер Кабинетинин Төрагасы баш болгон жетекчилерди жазага тарткан жагдай кандай жаралды деген суроо жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келет. Анткени, Президенттин сайтында сөгүш берүүгө негиз болгон жагдай “сапатсыз ноутбуктарды сатып алуудагы милдеттерди аткарбаган” деген түшүндүрмө менен берилген. Бүдөмүк ойго түрткөн маселе, мектеп мугалимдери үчүн ноутбуктар өз убагында сатып алынганбы, көйгөй алардын сапатынан келип чыккан жокпу, компьютерлерди сатып алуу кечиктирилген эмеспи?.. деген суроодо болуп жатат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президенттин чечими тууралуу медиа порталдарга комментарий берип, коюлган талаптар дагы да жогорулаганына карабай аткарыларын айткан, “Биз жетекчиликтин чечимин талкуулабайбыз. Бул салынган тартиптик чараны үнсүз-сөзсүз эле кабыл алабыз. Бул биз үчүн чоң сабак болду. Мугалимдерди ноутбук менен 100% камсыздоо анын чечими болчу. Биз болгону так илимдер мугалимдерин камсыздоону сунуштаганбыз. Ал жөн гана орточо деңгээлдеги жазуу машинкасы болбой, дагы да мыктыраак, эң кубаттуу компьютер болушун талап кылууда. Мугалимдер жакынкы айларда камсыздалат. Мөөнөтү дагы бир аз узарышы мүмкүн. Анткени, Президент планканы дагы бийик көтөрүп койбодубу” деп маалымат берген.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ошол учурда чет өлкөдө жүргөнүн айтып, ноутбук сатып алуу иштериндеги алешемдиктер боюнча бир ооз сөз менен гана ЖМКларга билдирүү калтырган. “Сатып ала элекпиз. Ал деген сатып алынбайт, бул жерде чыгарылат. Мен эл аралык сапарда жүрөм, азыр байланыша албайм, учакка отуруп жатам. Азыр Хорватиядамын…”
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-июлда КР Президентинин билим берүүнү санариптештирүү боюнча кеңешмесине катышып жатып, жабдыктарды жеткиликтүү баада сатып алууну уюштуруу үчүн атайын Кытайга чейин барып келгенин, биринчи этабында 25 миңдей мугалимди ноутбук менен камсыздай турганын билдиргени коомчулуктун эсинен чыга элек болушу керек. “Ноутбуктарды алыш үчүн мен өзүм баш болуп бүтүндөй информатик мугалимдер, адистер менен чогуу барып, дүйнөлүк бренддерди чыгарган Кытайдагы алдыңкы өндүрүштү жеринде көрүп келдик. Алардын бааларын жана конфигурация мүмкүнчүлүктөрүн аныктадык. Биз мына бул принциптерди тандадык – жеткиликтүүлүк принциби сапаты абдан жакшы, баа төмөн, тейлөө туруктуу болуш керек. Учурда республикалык бюджеттин эсебинен дээрлик 678,4 млн сом бөлүндү. Башкача айтканда, 24 431 стем-мугалимдерин биз толугу менен ички өзөктүү өнүктүрүү маалыматтары менен камсыз кылабыз”.
Министр айым Д.Кендирбаеванын айтымында, сатып алуунун экинчи этабында Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы программаларынын алкагында 2025-жылы 60 миң ноутбук сатылып алынышы керек. Ошол жыйындан кийин Президенттик Администрациянын маалымат кызматы “Кыргызиндустрия” акционердик коому менен жабдыктарды чогултуу келишими түзүлгөнүн билдирген. 5-июлда “Кыргызиндустрия” компаниясынын алдындагы “Кыргызэлектроника” ишканасы 80 миң ноутбукту чогултууга керектүү комплекттик тетиктерди сатып алууга сынак жарыялаган. Ишкананын маалыматына ылайык, “Мекен” деп аталган ноутбуктар Тайвандагы жана Кытайдагы үч компаниядан импорттолгон тетиктердин негизинде куралуусу маалым болгон. “Кыргызиндустриянын” жетекчиси Жарасул Абдураимов министрлик сатып алына турган ноутбуктардын техникалык сыпаттамаларын берип, алдын ала даярдык иштери жүрүп жатканын билдирген.
Бул жерде министр айым Д.Кендирбаева Президенттин жыйынында Кытайга барып келгенден кийинки өзгөрүп жаткан пландары тууралуу толук айта албай жаткан жокпу, деген суроо туулат. Министрликтин кызматкерлери ноутбук темасында ЖМКларга расмий маалымат берүүдөн баш тартып жатканы эмнени түшүндүрөт?! Бизге жеткен бейрасмий маалыматтарга таянсак, Догдуркүл Кендирбаева менен Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттин өкүлдөрү Кытайга барып келгенден кийин ноутбуктарды ошол окуу жайдын «Технопаркынын» базасында чыгарууну макулдашышкан. План боюнча ноутбукка керектүү комплекттик тетиктер Кытайдан алынып келинип, университеттин студенттеринин күчү менен чогултулмак болгону жөнүндө бүдөмүк сөздөр айтылууда.
Бул маалыматты “Кыргызэлек-троника” мекемесинин өкүлдөрү да ЖМКларга берген расмий билдирүүлөрүндө ырастаган. Алардын айтымында, мугалимдер үчүн ноутбуктарды даярдоо иши Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы №679-т тескемеси менен Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы “Технопаркка” тапшырылган. Бирок, Министрлер Кабинетинин расмий сайтында №679-т номурлуу тескеме эмнегедир түшүнүксүз себептер менен кездешпей жатканын кабарлашкан.
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү “сапатсыз ноутбук” деген сөздүн университетте жасалып жаткан ноутбуктарга тиешеси жок экендигине ишендирип жатышат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров берген сөгүштүн келип чыгуу себептерин кайсы ноутбуктар жаратканын эмнегедир эч кимиси так айта элек. Буга чейинки маалыматтарга караганда, Билим берүү жана илим министрлиги 9-октябрда ноутбуктардын баасына мониторинг жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштамаларды кабыл алууну жарыялаган. Жарыяланган маалыматта 80 миң ноутбук сатып алуу планы бар экени, ал жабдыктардын техникалык мүнөздөмөлөрү да так, даана жазылган. Сунуштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 14-октябрда аяктаганы боюнча да маалымат бар. Бирок, Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына андан кийинки чечимдер жана өндүрүүчү компания менен түзүлгөн келишимдер тууралуу маалымат ачык жарыяланып чыкпаганы ар кандай шектүү кадамдар жөнүндө пикир жаратып келүүдө.
“Технопарктын” жетекчиси Касымбек Келебаев ЖМКларга берген маалыматында ишкана университеттер менен Билим берүү министрлигинин буйрутмасы менен иштей турганын, ноутбук чогултууну ушул жылы эле баштап, Техникалык университетке беришкени кабарланган. “Биз “Технопарктын” базасында чогултуу цехин ачтык, толук техникалык базанын бар экендиги тууралуу керектүү документтерди алдык. Азыр тетиктерди сатып алуу жана чогултуу процесси жүрүп жатат. Биз аларды келишим боюнча 2025-жылдын 1-февралына чейин тапшырабыз. Азырынча Билим берүү министрлигине эч нерсе бере элекпиз” деп айткан. К.Келебаев мектептер үчүн 600 млн сомдон ашуун суммага 27 миң ноутбукту чогултуу келишими 31-октябрда түзүлгөнүн, жабдыктын ар бир даанасынын баасы 25 миң сомдун тегерегинде болорун кошумчалаган. Ошондой эле, керектүү комплекттик тетиктерди Кытайдагы өнөктөштөрүнөн сатып алышарын, ноутбуктун батарейкасы 50 күндүк алдын ала буйрутма менен даярдалгандыктан, ошолорду күтүп жатышканын билдирген.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин алдында 2018-жылы түзүлгөн “Технопарк” мекемеси 2024-жылдын 10-октябрында кайра каттоодон өткөн. Бул мекеме эмнегедир кайра каттоодон өткөнгө чейин активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес. «Ачык бюджет» порталындагы маалыматка таянсак, үчүнчү өлкөдөн товар импорттогону үчүн быйыл 7-октябрда 275 миң, 28-октябрда 20 миң сом бажы алымын төлөгөн. Кыргыз техникалык университети акыркы жылдары Кытай менен кызматташтыгын күчөтүп келе жатканы маалым.
Негизинен, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын расмий маалыматы боюнча мектеп мугалимдери ноутбуктар менен 2024-жылдын 1-сентябрына карата камсыздалары айтылган. Кийин ал мөөнөттү экинчи чейректин башталышына жылдырышканы дайын болгон. Экинчи чейрек аяктап баратканына карабай ноутбуктар мугалимдерге толук жете элек. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров берген сөгүштүн келип чыгуу себептери мына ушул жерде эмеспи? Баарына мезгил тараза..
Бахпурбек Аленов