"Эркин-Тоо"

Новиков, Өмүралиев Баткенде эл менен жолугушту

Бүгүн, 30-апрелде, Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Баткенде облустук администрациянын алдында эл менен жолугушуу өткөрдү.
Өмүралиев элди сабырдуулукка чакырып, кырдаал акырындык менен жөнгө салынып жатканын билдирген. Жолугушууга вице-премьер-министр Артем Новиков жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев да катышты.

Алар жарандарды тынчтыкка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жетекчилер элге жардам берүү, тамак-аш жеткирүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.