"Эркин-Тоо"

Новосибирск шаарындагы башкы консул алмашты

Айдарбеков Айбек Акматбекович Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп дайындалды. Бул ишти Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен айкалыштырат. Ал туралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 12-январда билдирди.

Айдарбеков буга чейин Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болчу.

Президенттин башка буйругу менен Маматалиев Калдарали Капарович Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу кызматынан бошотулду. Ал аталган кызматка 2019-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!