"Эркин-Тоо"
№15 2023-жылдын 28-февралы

Нурадил СТАНОВ: “Бир катар долбоорлордун саатын чыгардык”

Сокулук районундагы Гавриловка айыл аймагынын өкмөт башчысы Нурадил СТАНОВ

— Нурадил Сансызбаевич, айыл аймактардагы олуттуу маселелерди чечүү үчүн биринчи кезекте жетекчинин чечкиндүүлүгү абдан керек. Элдин үнү жетпей, өз маалында аткарылбай ара жолдо калган көйгөйлөрдөн четтөө максатында жасаган кадамдарыңыздар натыйжаларын берип жатабы?

— Айыл аймагынын өкмөт башчылыгына 2020-жылдын 16-сентябрында шайлангам. Алыстан келбедим, Шалта айылынан болом. Жетекчиликке келгенге чейин эле айыл аймагындагы олуттуу көйгөйлөрдөн кабарым бар эле. Эл ичүүчү таза сууга муктаж болуучу. Ошондой эле жер-жерлерде жетишпестиктер орун алган. Андыктан Романовка жана Гавриловка айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында долбоор жазып, иш жүзүнө ашырууну көздөй баштадык. Эсептеп көрсөк 179 млн сом керек экен. Учурда КР министрлер кабинетинин эксперттери тактап жатат. Каржылоо жагы чечилип калса, куруу иштери ыкчамдайт. Бул маселени аягына чыгарбасак болбойт, элдин чыдамы кетти. Ондогон жылдан бери айтыла берип, эл үмүтү үзүлө баштаган. Эл үмүтүн кайрадан жандырууга бардык күчүбүздү жумшап жатабыз.

Айыл жеринде эл негизинен жер менен тиричиликтерин улап келет. Жер иштетип, мал багып жаткандардын эмгектери албетте, эбегейсиз. Тилекке каршы, мына ушул жер тегерегинде кемчиликтер четтей элек. Биз мыйзам чегинде жерлерибизди инвентеризациялоону колго алуудабыз.

Жол, суу, жарыктандыруу жана Романовка айылындагы бала бакча салуу тууралуу долбоорлорубуз бүттү. Бала бакчанын жерин бөлүп, даярдап койдук.

— Сиздер былтыр билим берүү тармагына айрыкча басым жасадыңыздар. Мектеп турмушунан айтып берсеңиз?

— Чынында келечегибиз билимдүү жаштардын колунда десек, жаңылыштык эмес. Билимсиз алыс узай албайбыз. Бир күнү казылып жаткан алтын кендерибиз да түгөнөт. Ал эми билим жана илим менен куралдансак, өлкөбүз өнүгөт, өсөт. Андыктан билим берүүчү мектептердин, мугалимдердин шарт-жагдайын заманбап деңгээлге жеткирбесек, ойлогон максаттарыбыз ордунан чыкпайт.

Аймагыбыз боюнча 4 айыл бар. 3 айылда билим берүү уяларыбыздын абалы жакшы. Гавриловка орто мектебинде дем берүүчү гранттын эсебинен сапаттуу оңдоо иштерин илгерилеттик. Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектептин ички жана сырткы эшик, терезелери толук алмаштырылды. Бул иштер Чүй облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды. Окууга болгон шарттар түзүлдү.

Кыргыз элинин бүгүнкүсү үчүн каруусун казык кылган Жангарач баатыр, Советтер Союзунун Баатыры Панфиловчу Дүйшөнкул Шопоков, кыргыз элинин таланттуу акын кызы Нуркамал Жетикашкаева, баатырдын баатыр жары, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова жана башка атагы алыска кеткен даңазалуу инсандарыбыз менен сыймыктанабыз. Мектеп окуучулары, жаштарыбыз мына ушул улуу муундардан таалим алып, татыктуу тарбияланса деген тилек, ниет менен шарттарды жакшыртып жатабыз. Биз эч качан балдарыбыздан жакшы нерселерибизди аябайбыз. Баса, Шалта айылындагы маданият үйү да оңдолду.

— Инвестиция тартууну алыстан эмес жакындан баштасак, анткени арабызда мыкты ишкерлер, бизнесмендер жок эмес.

— Айтканыңызда чындык бар. Романовка айылына чоң соода борборун курууну баштадык. Бул комплекстүү борборго оюнзоок аянтчасы да салынат. Келген эл соода гана кылышпастан, оюн-зоок менен машыгышат. Суу же аба адам баласына кандай зарыл болсо, кыймыл да ошончолук керек. Эл аралык кайрымдуулук фонддору менен да иштеше баштадык. Баарыбызга белгилүү болгондой кийинки кезде Араб туугандар колдоолорун көрсөтүшүүдө. Алар менен да кызматташып жатабыз. Мисалы, араб туугандар Жангарач айылына заманбап ФАП куруп жатышат. Куруу иштерине 1 млн сомдон ашык каржы жумшалууда.

— Жер иштетип, эл баккандар тууралуу айтпасак сөзүбүздүн тузу кемийт. Мээнеткечтер жөнүндө сөзүбүздү уласак…

— Былтыр кыргыз эли үчүн түшүмдүү жыл болду. Анткени, жер иштетүүгө мамлекеттик деңгээлде каржылык колдоолор көп болду. Мурда мындай жардам, жарк эткен жаңылыктар болбой мээнеткечтер жардыланып кеткен. Былтыр сапаттуу үрөндөр, жер семирткичтер, күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоо жакшырды. Айрыкча ирригациялык жана сугат тармактарына каржылоо күч алып, нечен жылдан бери тазаланбай жаткан каналдар, арыктар, суу бассейндери тазаланды. Жамгыр да убагында мол болуп, ташка чейин чөп чыкты. Сугат тармагы мурдагы жылдардагыдай азапты көрбөдү. Ошондуктан сепкенибизге, мээнеттерибизге жараша мол түшүмдөрдү алдык.

Былтыр 1668 гектар жерге күздүк сээп, баба-дыйкандардын алды ар бир гектарынан 50 центнерге чейин түшүм алышты. Былтыркыдай жүгөрү мол түшүм берген эмес, 353 гектар жүгөрүнүн ар гектарынан тоодой түшүм алдык. Татсак таттуу, мээнети катуу кант кызылчасын 101 гектарга айдадык. Берекесин берди. 620 гектарга арпа, 70 гектарга софлор айдадык.

Жазгы талаачылык иштер илгерилеп жатат. “Агропромэнерго” үрөнчүлүк чарбасы айыл аймагыбыздын бирден-бир колдоочусу. Баба-дыйкандар техника жагынан келишимдерин түзүшүп жатат. “Базардан үрөн албагыла» деп элибизге кеңеш берип жатабыз. Аталган үрөнчүлүк чарбасы дотацияда тургандарды арзан, ары сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылышат. Ынтымак менен жер айдап, себүү иштерин жүргүзүп алсак, суу жетиштүү болсо, албетте мээнеттерибиз быйыл да жанат.

Айчүрөк МАКЕШОВА
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-февралы