"Эркин-Тоо"

Нурбек Абдиев Баткен облусундагы милиция кызматкерлерине алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Бүгүн, 13-январда Баткен ОИИБде 2022-жылдын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме болуп өттү. Ыкчам кеңешмеге ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Баткен ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Ыкчам кеңешменин башында 2022-жылдын ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарып, ишинде мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн бир катар кызматкерлерге “өз кесибинин мыктысы” наамдары тапшырылды. Андан сырткары, коомдук иштерге активдүү катышып, жаш кызматкерлерге насаатчылык иштерин жүргүзүп келген Баткен облусундагы ички иштер органдарынын ардагерлер кеңештеринин мыктылары аныкталып, 1-орунду Кадамжай РИИБдин ардагерлер кеңеши алды.

Ал эми, ыкчам кеңешменин экинчи бөлүгүндө өткөн жылы аткарылган иштер боюнча баяндама жасалып, Баткен ОИИБдин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү орунттуу учурлар, ийгиликтер менен кошо кемчиликтер баса белгиленди. Нурбек Абдиев өткөн жыл Баткен облусу үчүн, анын ичинде ички иштер органдары жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары үчүн оор жылдардан болгонун билдирди. “Мекен алдында берген антын ак ниеттүүлүк менен аткарып, элибиздин өмүрүн сактап, коопсуздугун камсыздап жүргөн милиция кызматкерлерине жана аскер кызматчыларга ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле, өлкө башчыбыз дагы сиздердин эмгек маянаңарды көтөрүп берди. Бул дагы сиздердин аткарган кызматыңыздырдын үзүрү”,-деди ИИМ башчысынын орун басары.

Андан сырткары, Нурбек Абдиев Баткен облусунда катталган жана бети ачылбай жаткан кылмыштар, үй-бүлөлүк зомбулуктар, чек ара аймагындагы элдердин коопсуздугунун камсыздалышы, жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу сурап, кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюну тапшырды. “Сиздер кылмыш болгондон кийин, анын кесепети менен күрөшө бербестен, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу керектигин дагы бир жолу эскертем. Алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин мындан дагы күчөтүңүздөр. Бул ички иштер министринин талабы”,-деп сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.

Ыкчам кеңешменин соңунда Баткен ОИИБдин кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү мындан ары дагы жакшыртуу боюнча тапшырмалар берилди.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!