"Эркин-Тоо"

Нурбек АЛИМБЕКОВ: “Аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунушун бердим”

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек АЛИМБЕКОВ

— Нурбек мырза, мамлекеттин жазгы талаа иштерине даярдыгы сизди канааттандырып жатабы? Республикабыздын аймактарындагы кайсы көйгөйлөр эл өкүлү катары сизди тынчсыздандырып жатат?

— Министрлер Кабинетинин жазгы талаа иштерине карата даярдыгын жакында карайбыз. Азырынча маселеден толук кандуу кабардар боло электе бир нерсе айтуу эртелик кылат го. Күтө тургула. Ал эми аймактарда социалдык көйгөйлөр, жерлерди трансформациялоо маселелери, жер семирткич, үрөн, мал-чарбачылыгы баштаган бир катар көйгөйлөрдү тизмектесек болот. Алыскы айылдардагы социалдык имараттардын капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаждыгы да учурдун таалуулуу маселесине айланууда. Өлкөбүз агрардык мамлекет экенин эске алып, жерлерди пайдалануу жана бөлүштүрүү маселесин кылдаттык менен чечүүбүз керек. Аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп турат. Айтор, көйгөйлөр көп. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө айыл тургундарынын турак жай маселесин чечүүдө райондордун аймагында бардык айыл өкмөттөрдү камтый турган көп кабаттуу үйлөр жайгашкан кичи райондорду куруп, муктаж үй-бүлөлөргө батирлерди берүүнү Министрлер Кабинетине сунуштадым.

— Эл өкүлү катары шайлоочуларыңыздын кайсы көйгөйүн чечүү колуңуздан келбей жүрөт?

— Чечилбеген маселелер көп эле. Анын баарын тизмектегенде эмне? Колдон келишинче, мүмкүнчүлүктүн жетишинче аракет кылып жатабыз.

— Соңку убакта парламенттен билим берүүгө байланышкан көйгөйлөрдү, ага удаа сунуштарды берип жатасыз. Бул жааттагы көйгөйлөр көкөйүңүзгө тийип жүрөбү?

— Билим гана адамды эркин жана бийик кылат дейбиз. Билим алууда биринчи баскыч балдар бакчасы болуп эсептелет. Өлкөбүздүн балдар бакча менен 35% гана камсыз болуусу өтө аз көрсөткүч. Бул тармакта реформа жүргүзүү менен жетекчилердин менеджерлик жөндөмүн өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп кетем. Жакында балдар бакчасына мугалимдерди даярдоо программасын бир жылга чейин азайтууну сунуш кылдым. Анткени, бүгүн тарбиячы даярдоо программасы 3 жылды түзөт. Ошол эле учурда булардын айлык маянасын көтөрүү керектигин да тиешелүү жетекчиликке сунуш кылдым. Буга удаа кыргыз тилин үйрөтүү милдети турат. Балдарыбыз заманыбызга байланыштуу мультфильмдерди бөлөк тилде угуп-көрүп, кыргыз тилин билбей калышууда. Ал эми мектеп куруу маселесинде Билим берүү министрлиги активдүү катышып, кайсыл жерге мектеп куруу муктаждыгы бар экенин аныктоосу зарыл. Анткени, мектептерде бир класста 50-60 окуучудан окуп жатышат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!