Ноябрь айында Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева кызматынан бошотулган. Ошондон бери анын орду бош эле.
Бүгүн 3-декабрда аталган борбордун директору болуп Нурбек Букуев дайындалды. Анын кесиби онкогинеколог, ушул борбордун онкология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Нурбек Букуев 1982-жылы туулган. КРСУда да онкология жана нур терапиясы кафедрасынын доценти болуп иштейт.