Бүгүн, 13-июнда, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Балыкчы шаарындагы социалдык маселелер боюнча тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында Жалпы дарыгердик практика борборунун эскилиги жеткен имаратын капиталдык оңдоо, ошондой эле №32 «Ийгилик» отказанын куруу маселелери көтөрүлдү. 1969-жылы курулган эки кабаттуу медициналык мекеме шаар менен катар эле Тоң, Ысык-Көл жана Кочкор райондорунун элине да кызмат көрсөтөт. Шаар мэри Азамат Арнабек уулу оңдоо иштерине 30 млн сом керектелерин билдирди.
Нурбек Сыдыгалиев шаар жайкы мезгилде эл жана туристтер көп чогулуучу аймак экенин белгилеп, оорукананын инфраструктурасын жакшыртуу зарылдыгын айтты. Ал долбоордук-сметалык документтерди сапаттуу даярдоону жана Финансы министрлигине каражат маселесин чечүүнү тапшырды.
Жыйын соңунда Төраганын орун басары мамлекеттин өнүгүшү аймактардын турмушу менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилеп, Жогорку Кеңеш жергиликтүү бийликтер көтөргөн ар бир актуалдуу маселени колдоого даяр экенин билдирди.