"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Нурдин Молдакматов: “Инвесторлорду тартуу үчүн жерлерди трансформациялоо иштери жүрүүдө”

Садыр Аке айыл аймагында дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана туризмди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Былтыр август айында бул аймакта күтүүсүз сел жүрүп, бир нече айылдарга чоң зыян келтирген.

Селден кийинки тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин ыкчам уюштуруп, элге жардам берүүдө айыл өкмөт башчысы Нурдин Молдакматов активдүү иш алып барды. Учурда ал аймактагы социалдык объекттерди куруу, ички жолдорду оңдоо, инвесторлор менен иштөө жана туризмди жандандыруу боюнча бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Бул багытта Садыр Аке айыл аймагында аткарылып жаткан иштер тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн айыл өкмөт башчысы Нурдин Молдакматов менен маектештик.

 — Нурдин Асейинович, былтыр аймагыңыздар селден жабыркаган эле. Селдин кесепеттерин жоюу боюнча кандай иштер аткарылды?

— Ооба, 18-августта Темир, Кашат, Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында сел жүрүп, олуттуу зыян келтирилген. Дыйкандардын эмгеги акталбай, алма бактар жулунуп, үйлөрдү суу каптады. Кырсыктан кийин республика боюнча аймактардан муниципалдык техникалар алынып келип, жардам көрсөтүлдү. Жетишпей калганда жеке компаниялардан да техникалык жардам алдык. Жаңы жылга чейин жабыркаган үйлөрдүн 98 пайызынын короолору тазаланып, суу каптаган огороддор кыш түшкөнгө чейин иретке келтирилип, бүтпөй калган иштерди жазда бүтүрдүк. Ошондой эле селден жабыркаган арыктарды тазалап, ирригациялык системаларды калыбына келтирдик.

Селден айрыкча Темир айылы катуу жабыркады. Ал жерде жүздөгөн үйлөргө суу кирип, элдин 90 пайызынын алма бактары жараксыз болуп калган. Бирок, жаз айынын келиши менен Жети-Өгүз жана Ысык-Көл районунун тургундары көчөттөрүн көтөрүп келип, жардам беришти.

— Аймакта социалдык объектилердин курулушу, мектепке чейинки билим берүү кандай жүрүп жатат?

— Учурда Григорьевка айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу 90 пайызга бүтүп, 1-сентябрда ачып беребиз деген үмүттөбүз. Темир айылындагы 120 орундуу бала бакчанын 70 пайызы бүтүп, аны жыл аягына чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Корумду айылына да жакында бакчанын долбоору даярдалса, курулуш иштери башталат.

Биздин айылдардагы мектептер менен бала бакчалардын көбү Совет убагында курулган. Бүгүнкү күндө алар капиталдык оңдоого муктаж. Ошондуктан түрткү берүүчү гранттарга, райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна долбоор жазып, каражат тартууга аракет кылуудабыз. Мисалы, Семеновка айылындагы Колесников мектебинин жылытуу системасы мурун электр менен иштесе, азыр көмүргө өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошол эле айылдагы «Ивушка» бала бакчасынын жылытуу системасын жаңыртып жатабыз. Булан-Сөгөттү айылындагы «Жылдызча» бала бакчасында да ушундай иштер жүрүп жатат.

— Аймагыңыздарда таза суу маселеси кандай чечилип жатат?

— Семеновка менен Кожояр айылдарында буга чейин таза суу көйгөйлөрү болгон. Учурда бул айылдар атайын долбоорго киргизилип, тиешелүү документтери даярдалууда. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 13 миллион сом каражат бөлүнүп, анын эсебинен Семеновка айылына 4,5 чакырым, ал эми Кожоярга 3 чакырым таза суу түтүгүн тартуу пландалууда. Долбоор толугу менен даяр болгондон кийин курулуш иштери башталат.

— Жол маселеси боюнча  аткарылып жаткан иштерге токтолуп өтсөңүз…

— Азыркы учурда Корумду – Балбай жолу курулуп жатат. Курулуш учурунда алынган эски асфальтты кытайлык компаниялардын жардамы менен айыл ичиндеги жолдорго төшөп жатабыз. Жергиликтүү тургундар да бул иштерге активдүү катышып, биргеликте аракет кылуудабыз. Ошондой эле селден жабыркаган жайыт жерлерге баруучу жолдорду да оңдоого кириштик. Аймагыбыз чоң болгондуктан, кээ бир иштер кечеңдеп жатканы менен пландалган иштердин баарын бүтүрүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз.

Келерки жылы бала бакчалар менен мектептерден тышкары айыл ичиндеги жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурабыз. Быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Семеновка айылдарынын ар бирине 970 метрден жаңы асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, келерки жылы ички жолдорду жакшыртуу максатында түрткү берүүчү гранттардын, облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун колдоосу менен кошумча долбоорлор иштелип чыгууда. Ошондой эле айылдарды түнкүсүн жарыктандыруу маселеси боюнча да долбоорлор даярдалып жатат.

— Аймактагы жерлерди колдонуу боюнча да айтып өтсөңүз?

— Биздин аймак төрт багыттан тең мүмкүнчүлүктөргө ээ. Себеби, бизде көл,  тоо да бар болгондуктан туризмди өнүктүрүү абдан ыңгайлуу. Ошондой эле дыйканчылык жана фермерчилик үчүн да шарттар жакшы. Айдоо жана сугат жерлерибиз кеңири болгондуктан айыл чарба продукциясын өстүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңири.

Фермерчилик жагынан алганда да аймакта асыл тукум уй фермалары, мал чарбачылыгы менен алектенгендер арбын. Туризмди өнүктүрүү үчүн Кырчын жана Чоң-Ак-Суу сыяктуу кооз капчыгайларыбыз бар. Учурда ошол жайлоолордо боз үйлөр ордосун уюштуруу иштерин баштадык.

Жайыт маселесине токтолсок, азыр жайыт жерлерге мораторий киргизилген. Тактап айтканда, бул жерлерди жеке менчикке же узак мөөнөткө ижарага берүүгө мыйзам боюнча тыюу салынган. Бирок, жергиликтүү бийлик туристтик максатта, мисалы, боз үй тигип, туристтерди кабыл алгысы келгендерге убактылуу пайдаланууга гана уруксат бере алат. Андан башка максаттар үчүн колдонууга жол берилбейт.

Азыр биз айыл ичиндеги үй салууга ыңгайлуу жерлерди Мамлекеттик Кадастр мекемесине өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Келечекте бул жерлерде кабат үйлөрдүн курулушу башталат деген үмүттөбүз. Учурда жерге болгон суроо-талап өсүп жатат. Бул багытта Мамлекет башчысы Садыр Жапаров да жерди рационалдуу жана туура пайдалануу маселесин ар дайым баса белгилеп келет. Ошол себептүү, айылдарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу, бул – аймакты өнүктүрүүгө багытталган негизги кадамдардын бири.

— Инвесторлор менен кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

— Биздин аймакка кызыккан инвесторлор арбын. Мисалы, Корумду айылында кирпич чыгаруучу завод ачылуу алдында турат. Бул долбоорго инвестор болжол менен 1 млн доллардын тегерегинде каражат салып жатат.

Ошондой эле жергиликтүү тургун мурдагы тоок фермасынын базасын заманбап шартта кайра куруп чыгып, 40 миң тоок багылган ири ферманы ишке киргизди. Бул фермадан чыккан жумуртканын эсебинен айыл аймактагы жумуртканын баасы төмөндөп, мурункудай башка жактардан ташып келүү токтотулду.

Аймагыбыз курорттук зона болгондуктан, курулуш тармагы да жигердүү өнүгүүдө. Мисалы, пескоблок жана брусчатка чыгарган жергиликтүү ишкер өз продукциясын райондун башка айылдарына чейин жеткирүүдө.

Туризм жаатында да олуттуу жылыштар болуп, чакан эс алуу жайлары арбын курулуп жатат. Мындан тышкары, кээ бир инвесторлор балыкты иштетүүчү завод куруу ниети бар экенин билдиришүүдө.

Инвесторлордун сунуштары жана суроо-талаптары эске алынып, азыр айрым жер тилкелерин трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер, албетте, инвестиция тартууга жана жаңы өндүрүштөрдү ачууга кеңири мүмкүнчүлүк берет.

— Өкмөт тарабынан аймак башчыларына “Бюджеттен бөлүнгөн каражат өздөштүрүлбөй жатат” деген сындар айтылып келет. Сиздерде бул жааттагы абал кандай?

— Биздин айыл аймакка Өкмөт тарабынан бир жылга 2533,2 млн сом бөлүнөт. Чынын айтканда, бул каражат жетишсиз. Биз дотациядагы айыл өкмөтүбүз. Негизги каржы булагыбыз — жергиликтүү салыктар. Салык түшө баштагандан кийин гана белгилүү бир иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошондуктан, каражатты сарамжалдуу колдонуп, ар бир тыйындын эсебин так жүргүзүп иштейбиз. Аймакта жасалып жаткан иштердин көбү жергиликтүү бюджет, түрткү берүүчү грант, өнүктүрүү фонддорунун каражатынын эсебинен жасалып, жылдык бюджетибиз 63 290,8 миң сомду түзөт.

— Жакында өкмөт мүчөлөрү тарабынан туристтик аймактагы айыл өкмөт башчыларына эс алуу жайларынын айланасын көрктөндүрүү тапшырмасы берилди эле. Бул багытта сиздер кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

— Мен Камчыбек Кыдыршаевичтин демилгесин толук колдойм. Ал киши бизге чоң колдоо көрсөтүп жатат. Бир ай мурда эс алуу жайларынын бирине барып, тротуар салуу боюнча тапшырма бергенбиз. Пансионат ээлери каршылык көрсөтүшкөн жок, бирок ишти кечеңдетип жатышат.

Ооба, тротуарлар менен негизинен эс алуучулар жүрөт. Пансионатка келген коноктор үчүн шарт түзүү маанилүү. Биздин аймакта 4 пансионат бар. Бүгүнкү күндө ар бир пансионат өзүнүн сырткы аймагына канча метр тротуар салат, кайсы мөөнөткө чейин бүтүрөт, бардыгын тактап жатабыз.

— Өкмөт тараптан бул иштерди күчөтүү үчүн кандай мыйзамдар керек деп эсептейсиз?

— Президент баш болгон команда бизге иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып жатат. Айрыкча экологияны коргоо жаатында жакшы иштер жүрүүдө. Мисалы, браконьерчиликке каршы укук коргоо органдары жана экологиялык кызматкерлер менен биргеликте күнү-түнү иштеп жатабыз. Көлгө мыйзамсыз салынган тонналаган торлорду тазалап, суу жээгин тазалоо иштерин улантып жатабыз.

Айыл тургундары, аларга келген меймандар пансионаттардын аймагына ээн-эркин кирип, көлгө түшө алышат. Андан сырткары, бир пансионаттан экинчисине өтүү үчүн атайын өтмөктөр коюлган. Ал эми скутерлер үчүн өзүнчө техникалык аймак бөлүнгөн. Эгер алар ошол белгиленген зонадан чыгып кетишсе, тиешелүү айып пулдар каралган.

 Кенже Осмоналиева