2023-жылдын 28-апрелинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын Директорлор кеңешинин курамы тарабынан компаниянын Башкармалыгынын курамы шайланды.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов кайрадан шайланды.
Ошондой эле, Башкармалыктын мүчөлөрү шайланды, алар:
— Заирбек Ажикулов
— Нурлан Абылов
— Руслан Алтымышов
— Кубанычбек Сыдыков
«Кыргызнефтегаз» ишканасы 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7% аткарылды.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө.
2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7% аткарылды.
Жыйындын жүрүшүндө Н.Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын айтып өттү. «Зорька» лагеринде жаны катедждер курулуп бүткөрүлдү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ыссык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп өттү.
Эске салсак Н. Нишанов «Кыргызнефтегаз»ААКнун башкармалыгынын төрагалык кызматын 2021-жылдын декабрь айынан баштап иштеп келүүдө.