"Эркин-Тоо"
Каргашалуу июль Эркин Тоо гезити

Нургүл Жумабекова: “Өмүр, жашоо кымбат экенин туйдурган учур болду”

Кыргызстанда коронавирус илдетинин эң көп жоготуулары катталган “Кара июль”, же “Каргашалуу июль” окуясына туура 5 жыл болду. Бул учур кара так калтырганы менен эсте калды.

Актуалдуу темаларды коомчулукка ыкчам жеткирүүдөгү кесипкөйлүгү, сюжеттеринин салмактуулугу менен өзгөчөлөнгөн “Ала-Тоо 24” каналынын жаңылыктар бөлүмүнүн баяндамачысы Нургүл Жумабекова коронавирус инфекциясы күчөп турган мезгилде адам өмүрү менен күрөшүүдө жамааты менен биргеликте өз милдеттерин кантип аткаргандыгы тууралуу айтып берди.

Ал мезгилди ынтымак менен жеңдик

– Мындан 5 жыл мурда март айынын аяк жагында дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус (COVID-19) пандемиясы Кыргызстанда да катталып, бир заматта элди чочулатканы эсибизден кетпейт. Адегенде өзгөчө кырдаал режими, кийин өзгөчө абал режими киргизилди. Албетте эпидемиологиялык абал маалыматтык каналыбыздын да жумуш ыргагын өзгөрттү. Ошол күндөрү “Ала-Тоо 24” каналы саат эмес, бир дагы мүнөт тыным албай, ишемби, жекшемби күндөргө карабай, кырдаал боюнча иштеп, элге керектүү маалыматтарды берип турду. Адегенде азык-түлүккө болгон базардагы баалар, жугуштуу ооруга каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу чагылдырдык. Элге коронавирус тууралуу маалыматты талаптагыдай жеткирүү үчүн ар түрдүү материалдарды даярдадык. Ооруканаларга барып, коронавирус менен ооруп жаткан жарандар менен байланышта болууга туура келди. Тобокелчиликке карабай, өз милдетибизди так аткардык. Кийин оору күчөп, Бишкек шаары жугуштуу тумоонун очогу болуп турганда баарыбызда кооптонуу пайда болду. Оорудан каза болгондордун саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканда зээним кейип оюм онго, санаам санга бөлүндү. Себеби, өмүр, адам, жашоо абдан кымбат экенин туйдурган учурлар адамды ойлондурбай койбойт экен.

Биздин эмгек жамаат бул күндөрдү ынтымак менен жеңди. Жетекчилик тарабынан Өкмөт үйүндөгү Республикалык штаб берип турган маалыматтарды түз эфир аркылуу байма-бай берүүгө шарттар түзүлдү. Өлкөдөгү абалга карап, иш ыргагын санариптик ыкмада уланттык. Түз эфирде онлайн интервьюларды, маектерди уюштурдук. Оорудан сактануу, эреже-талаптарды аткаруунун тартиптери тууралуу роликтерди, маалыматтарды даярдап көрөрмандарга тартууладык. КТРК, анын ичинде “Ала-Тоо 24” каналынын эмгек жамааты чет мамлекетте калган мекендештер, алардын абалы, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу жеткиликтүү жана толук кандуу маалымат берип турду.

Элди аралап иштөө оор болду

– Бизде өзүнүн жеке унаасы жана коомдук транспорт менен каттаган кесиптештерибиз бар. Кооптуу илдеттин кимден жана кайдан жабышканы байкалбай калышы толук ыктымал эле. Тилекке каршы, бул коронавируска мен өзүм жана кесиптештерим да кабылды. Көптөгөн кызматкерлерибиз үйлөрүндө иштөөгө аргасыз болду. Бирибиз ооруп калып, экинчибиз жумушка чыгып нөөмөт менен иштедик. Өзгөчө коргонуучу кийимдерди кийип алып, обсервацияда, “кызыл зонада” дарыланууда жатып, дартына даба издеп жаткан бейтаптар, ошол эле учурда сакайып ооруканадан чыккандар, медициналык кызматкерлердин кантип иш алып барып жатканы, жалпы эле ошол учурдун ал-абалы тууралуу материалдарды даярдап берүүдө элди аралап иштөө биз үчүн абдан эле оор болду.

Өзгөчө үй-бүлөбүз каршы болгонуна, балдарыбызга жугуштуу илдет жугуп калуу коркунучу бар экендигине карабастан эмгектендик. “Ала-Тоо 24” каналынын жамааты жалпы коомчулукка оорудан сактануу, Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү бийлик тарабынан ооруну ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, жугуштуу оорулар үчүн даярдалган атайын бөлүмдөр, ооруканалар тууралуу маалыматтарды жеткирүүдө зор салым кошкон маалымат булагы болду.

Айтайын дегеним, коронавирус илдети адамзатты ойлондурган жана саламаттык — эң чоң байлык экенин далилдеди. Ден соолуктун баасын жана саламаттыкты сактоо тутумунун маанисин дагы бир жолу эске салды. Жеке гигиена, туура тамактануу жана иммунитетти бекемдөө күнүмдүк жашоонун маанилүү бөлүгү экенин жана бир өлкөдө башталган илдет бир нече жумада бүтүндөй дүйнөгө жайылып, дүйнөнүн өз ара канчалык байланышта экенин жана глобалдык көйгөйлөрдү биргеликте чечүү зарылдыгын көрсөттү.

Илим жана билим — коопсуздуктун негизи

Вакциналардын жана дарылоонун тез иштелип чыгышында илимдин жана технологиянын канчалык маанилүү экенин, ошондой эле жалган маалыматтардан сактануу үчүн сапаттуу билимдин зарылдыгы айкын болду. Санариптик дүйнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Пандемия учурунда онлайн окутуу, үйдөн иштөө, онлайн соода жана телемедицина кеңири жайылды. Бул – санарип технологиялардын келечекте дагы мааниси терең экендигин билдирет. Коомдук тилектештиктин жана боорукердиктин маанилүүлүгүн туйдук.

COVID-19 учурунда адамдар бири-бирине жардам берүүгө, муктаждарга кол сунууга, жапа чеккендерге көңүл бурууга умтулду. Бул илдет адамдардын боорукердик, тилектештик жана жоопкерчилик сезимин күчөттү.

Табият менен гармонияда жашоо

Илдеттин башталышы жапайы жаныбарлар менен адамзаттын туура эмес байланышы жана экологиялык көйгөйлөр менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Бул табиятка кылдат мамиле кылуунун, жаратылышты коргоонун маанисин эскертти.

Пандемия учурунда көптөгөн өлкөлөр азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен өз алдынча камсыз боло албаганы айкын болду. Бул улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү катары ички өндүрүштү өнүктүрүү керектигин далилдеди.

Эң башкысы, коронавирус адамзатка ийкемдүү болууну, өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашууну жана бири-бирибизге кайдыгер болбой, боорукердик мамиледе болушубуз керектигин үйрөттү.

Бактыгүл Кулатаева