"Эркин-Тоо"
№82 2021-ЖЫЛДЫН 27-ИЮЛУ

Нуридин Мадимаров: “Ар бир айылда жаңы курулуштар курулуусун каалайбыз”

“90 жылдыкка – 90 иш-чара”

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Нуридин Мадимаров:

Нарын облусунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Нарын району 1930-жылы уюшулуп, ага андагы Куланак району кошулган. 1962-жылдан 1996-жылга чейин Тянь-Шань району деп аталган. Кийин Нарын району аталгандан бери 90 жылга тогошуп, борбору Нарын шаары болуп келүүдө. Административдик аймактагы Нарын району түндүк-чыгыш тарабынан Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Тоң райондору, түндүк жагынан Кочкор, түштүгүнөн

Ат-Башы, батышынан Ак-Талаа райондору менен чектешет. Жакында райондун 90 жылдык  мааракесин белгилөөгө кам көрүлүп жатат. Даярдыктар тууралуу аким Нуридин Мадимаровдун айтып берүүсүн өтүндүк.

— Нуридин Султанович, сизге тааныш эмес райондун жаңы жетекчиси катары ишти эмнеден баштадыңыз?

— Нарын районуна караштуу 15 айыл аймактарынын иштери жана айылдардын географиялык абалы менен таанышып, райондун экономикасынын негизин түзгөн мал чарбачылыгындагы 7450 фермер, дыйкан чарбалар жана чакан ишканалардын аткарып жаткан иштерин кыдырып көрдүм. Муну менен катар мамлекеттик деңгээлдеги Нарын асыл тукум жылкы заводу, Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум мал чарбасы, кредиттик союздар, күнөсканалар, айыл чарба продукцияларын иштетүүчү цехтер, соода түйүндөрү, Ат-Башы РЭСи жана мал чарбачылыгында элге кызмат көрсөтүп жаткан 22 ветеринардык сервисти көрүп, эл менен жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрүн угуп, орчундуу маселелерди чечүүдө бир топ пландарды иштеп чыктык.

— Нарын районунун түзүлгөнүнө 90 жыл болуп, мааракени өткөрүү вазийпасы сизге туура келиптир. Юбилейге карата кандай иш — чаралар аткарылууда?

— Нарын районунун 90 жылдык мааракесин утурлап, “90 жылдыкка – 90 иш-чара” аттуу программа кабыл алып, анда орчундуу социалдык объектилерди бүткөрүүгө ниеттенгенбиз. Айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга карата аткарылган иштерге токтолсок, Ак-Талаа айылында араб өлкөсүнүн инвестору болгон “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгүндө 3 млн сом каражатка жаңы курулган фельдшердик-акушерлик пункту жаңы эмерек жабдыктары менен толук жасалгаланып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 3 млн 400 миң сом бөлүнүп, Нарын районунун Өрнөк айылында фельдшердик-акушерлик пункт бүтүп, учурдун талабына ылайык заманбап жабдуулар менен камсыздалган имараттын ачылыш аземи болду. Айыл элинин жашоо турмушун жакшыртуу багытында жаңы инфратүзүмдөгү курулуштардын ачылып жатканын айыл тургундары ыраазы болуу менен кабыл алышты. Элеттиктер курулуш жетекчилерине алакан жайып ак батасын берип, ылайым эле жакшы саамалыктардын арбын болуусун каалашты.

Нарын районунун Кеңеш айылындагы Абиров атындагы орто мектеп жана Эмгек-Талаа айылында мектеп бүтүп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Мындан тышкары Жер-Көчкү, Дөбөлү айылдарындагы бала бакчалардын курулушу аяктап, 1-сентябрь билим күнүндө кичинекей наристелерди кабыл алуу алдында турат. Ошондой эле 90 жылдыкка белгиленген маданий спорттук иш-чаралар жана спорттук оюндар эрте жаздан баштап өткөрүлүүдө. Жазында Нарын районунун жаштар арасында лыжа тебүү боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү. Дени сак улуттун келечегин түзгөн жаш муундардын футбол менен машыгуусуна шарт түзүүгө демилге көтөргөн Жан-Булак айыл өкмөтү жана айылдык тургундардын каржылык колдоосу астында жашыл шиберлүү килем төшөлгөн футболдук аянтча курулуп, болочок футболист жаштар сүйүнүчкө бөлөндү.

“90 жылдыкка – 90 иш-чара “ аттуу программанын алкагында кыргыз элинин байыртадан келе жаткан көчмөндөр жашоосундагы жоокерлик каада-салтты бекемдеген эр эңиш, жаа атуу, салбуурун, кыз куумай, эр сайыш, көк бөрү сыяктуу улуттук ат оюндар ар убак элдин кызыгуусун арттырып, муундан-муунга улануу менен жаштардын патриоттук сезимин ойготуп, кыргыз жигиттеринин намысын коргоого үндөгөн маданий спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Райондор аралык көк бөрү оюнуна катышкан Нарын районунун “Тынымсейит-Эмгекчил” командасы биринчи орунга коюлган автоунааны жеңсе, экинчи орунду Ак-Талаа районунун Соң-Көл командасы экинчи автоунаа коюлган сыйлыкты утуп алды. Үчүнчү орунду Нарын районунун Эмгек-Талаа командасы багындырып, 30 миң сом, төртүнчү орундагы Он-Арча айылынын “Аян” командасы 20 миң сом алды. Мындан сырткары «мыкты чабуулчу», «мыкты оюнчу» ж.б. номинацияларга 5 миң сомдон акча берилип, көрөрмандардын жарпы жазылып, оюнга кызыккан жаштардын шык-жөндөмүн ойготту.

Элдик оозеки чыгармаларда айтылган ордо оюнунун стратегиялык багыттары оюн ыкмаларындагы чыдамкайлык, чеберчилик, психологиялык жактан туруктуулук, байкагычтык, таамайлыкка үйрөткөн артыкчылыгы менен башка оюндардан айырмаланып келет. Акыркы кездерде улан-кыздардын эсинен чыгып, унутулуп бара жаткан ордонун кайрадан колго алынганы айыл арасындагы карым-катнашты чыңдап, жаштар арасындагы достук, ынтымак-ырашкерликти бекемдеди десек болот. Февралда өткөн Өрнөк айылындагы спорттун бул түрүнө 10 команда катышып, биринчи орунду Өрнөк, экинчиге Ак-Кудук айылы, үчүнчү орунга 8-Март айылы чыгып, баалуу сыйлыктарга ээ болду. Ордо оюнундагы коргонуу, чабуул коюу сыяктуу эрежелердин кынтыксыз тактыгы бул спортко кызыккан жаш муундардын тарбиялык жактан жакшы калыптануусуна жол ачты.

90 жылдык мааракени жаңы ачылыштар менен белгилөөгө белсенген Он-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Эчки-Башы айылындагы маданият үйүнүн алдында элет элинин ден соолугун чыңдоого шарт түзүү максатында жаңы фитнес машыгуу залы дагы жасалгасы менен ачылып, ага айылдын ардактуу атуулу Аалиев Карыбектин ысымы ыйгарылды. Аты аталган айылдагы кош жаңылыктын бири болгон Жумакан Тынымсейитова атындагы маданият үйүндө жайгашкан китепканага капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Китепканага окумуштуу педагог Гүлзура Жумакунованын ысымы берилип, салтанаттуу ачылыш аземи айылдыктардын коштоосунда уланды. 90 жылдыкка белгиленген иш-чаранын бири катары Достук айылдык кеңсенин имараты толук ремонттолуп, оңдолуп бүткөрүлдү.

90 жылдык салтанатка ылайык Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон өрнөктүү инсандардын сабын толуктаган энциклопедия жазылып, физикалык жана географиялык карталар менен коштолмокчу. Ошондой эле айыл аймактары боюнча “Ата конушу” аттуу кино баяндын тартылуусу дагы күтүлүүдө. Ал эми республикалык ири масштабда Орток айыл аймагында жайгашкан Нарын мамлекеттик коругунда өткөрүлчү иш-чарада райондун социалдык-экономикалык, маданий тарыхый өнүгүшү жөнүндө көргөзмө уюштурулат. Анда айыл чарба продукцияларынын ассортименттери, чебер уз колдон жасалган кол өнөрчүлөрдүн буюм-тайымдары көрсөтүлөт. Жаа атуу, куш агытуу ж.б. улуттук спорт оюндары көрөрмандарга майрамдык маанай тартууламакчы. Ошону менен катар Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта майрамдык концерт өткөрүлүүсү мерчемделүүдө.

— Райондун аймагында курулушу башталып, токтоп калган Жогорку Нарын ГЭСтери менен ирригация системасынын иштери кандай болуп жатат?

— Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясына киргизилген улуттук долбоордун бири болгон Жогорку Нарын гидроэлектр-станцияларынын курулушун ишке ашыруу максатында Дөбөлү, Орток, Чет-Нура айыл аймактарынын айыл чарба багытына караштуу жерлердин эсебинен жалпы 1891,6 га жер аянты бөлүнүп берилген. Анын ичинен айдоо аянты 534,36 га жер болсо, сугат талаа жери 399,75 га, кайрак жер              134,61 га жана 1339,37 га жайыт жерлеринен бөлүнүп берилген. Келечекте Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушу көптөгөн айыл тургундарын жумуш орундары менен камсыздап, заманбап өңүттө бүтөт, элге кызмат кылат деген үмүттөбүз.

Райондун ирригация системасын жакшыртуу багытында да иштер колго алынууда. Учурда Чет-Нура айыл аймагында суунун тартыштыгы көйгөйлүү болуп келгендиктен, Нарын дарыясынан соруп чыгаруу аркылуу Төш-Булак насостук станциясын куруу долбоору демилгеленип, элдин өздүк салымы менен трансформатор коюлат. Айыл өкмөттүн бюджетинен, райондун өнүктүрүү фондунан жана 26,1 млн сом республикалык бюджеттен бөлүнүп, курулуш жумуштары жүрүүдө. Бул долбоор ишке ашырылса 250-300 га айдоо аянты сугат суусу менен камсыз болот. Ошондой эле Эмгекчил айыл аймагында Ак-Марча–Эчки-Башы каналын реконструкциялоо жумуштары башталып, 2022-жылы пайдаланууга берилээри болжолдонууда. Буюрса 800 гектардан ашык аянттагы мамлекеттик фондунун жана дыйкандардын үлүш жерлери сугат суусу менен толук камсыз болот.

Райондо Швейцария мамлекетинин өнөктөштүгү менен энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга багытталган мамлекеттик маанидеги Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо жумуштары уланууда. Нарын дарыясынын ылдыйкы бөлүгүнө 100 МВт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин куруу боюнча жер аянттары тандалып, уруксат берүүчү документтери даярдалууда. Долбоор аркылуу райондогу 5 айыл аймактын жерине куруу болжолдонуп, айыл өкмөттөрү, айылдык кеңештер менен бирге курулушка берилүүчү жерлерди трансформациялоого карата документтер даярдалууда.

Климаты татаал, кышы узак, жайы кыска мал киндиктүү Нарын элинин ак босогосуна кут конуп, берекеси төгүлгөн ооматтуу элдин мааракеси миңдеген жылдарга улана берсин демекчибиз.

Шайгүл УРМАТОВА