"Эркин-Тоо"

Нурлан ӨМҮРКУЛ уулу: “Келээрки кышка камылганы катуу баштадык”

 

Бишкек жылуулук электр борборунун директору Нурлан ӨМҮРКУЛ уулу

— Нурлан мырза, өлбөгөн жанга жаз да келди. Узаган кыш жылдагыдан катаал болду окшойт. Бул жагы Бишкек жылуулук борборуна оорчулук келтирген жокпу?

— Узаган кышты ойдогудай өткөрдүк. Бирок, кыш мезгилинде чоң көйгөйлөр болду. Бул жагын жашырганда эмне? Быйыл өзүбүздүн Кара-Кече көмүрүн көп өлчөмдө жактык. Биздин көмүрдүн химиялык курамында кальций көп болгондуктан, түтүкчөлөргө ар кандай шлактар толуп калып кыйналдык. Мен бул кызматка өткөн жылдын декабрь айында келдим. Аныгында өткөн кышка даярдык начар эле болуптур. Ошол себептен казан агрегаттарыбыз номиналдуу жүккө чыдабай, электр өндүрүүнү 450-460 мегаваттан ашыра алган жокпуз. Ушуга карабай жылуулук жагынан Бишкек шаарын толук эле камсыз кылдык. Электр кубаты жагынан ойдогудай өндүрүмгө чыга алган жокпуз. Келээрки жылы жогору өндүрүмгө чыгып, быйылкыдай көйгөйлөр болбойт деп ишендирем.

— Келээрки кыштын камын бүгүндөн тарта көрүш керек да. Ток этерин айтыңызчы, камылга кандай?

— Быйылкы жылуулук берүү 11-мартта баш калаанын жетекчилиги тарабынан токтотулган соң биз алдыдагы кышка карата бир мүнөт да токтобой, камылганы катуу баштадык. 13-марттан баштап казан агрегаттарыбызды оңдоп-түзөп баштайбыз. Учурда “Электрстанциялар” ААК аркылуу тендерлер өткөрүлүп жатат. Энергетика министрлиги тарабынан да биздин ишибизге карата колдоолор, жардам берүү жакшы нукта уланып жаткандыгын адилеттүүлүк үчүн айтып койгум келет.

— Дегеле Бишкек ЖЭБдин техникалык абалы канааттандыраарлыкпы? Керектүү жабдык, шаймандардын канча пайызынын эскилиги жетип калды?

— Бир беткей эле жакшы деп айта албайм. Абал оор! Керектүү техникалык жабдыктардын 80%га жакыны эскирип калган. Оңдоп-түзөөгө муктаждары мындан көп. Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун арты менен салынган 2 агрегат бүгүн номиналдуу жүктү ала албай жатат. Ошондуктан, узаган кышка даярдык начар болуп калгандыгын кайда катат элек. Алдыдагы кышта аталган 2 агрегатты толук кандуу, кубаттуу деңгээлде иштеткенге пландарыбыз бар.

— Баш калаанын жылуулук коопсуздугу үчүн Бишкек ЖЭБдин ролу чоң. Мындагы көйгөйлөрдү жогорку бийликке жолдоп турасызбы? Дегеле шаардыктардын отун-суу, жылуулук боюнча коопсуздугу канчалык деңгээлде камсыздалган?

— Бишкек ЖЭБи баш калаабыздын жүрөгү деп айта алам. Андыктан биздин борборду керектүү жабдыктар менен өз убагында жакшы камсыздап туруш керек. Биздин министрликтин жетекчилиги да борборубузду өзгөчө көзөмөлгө алышкан. Керектүү жардамдарды, орчундуу көйгөйлөрдү көңүл сыртына калтырышпады. Ушундай ыргак менен биздин келе жаткан кышкыга даярдыгыбыз жакшы болоорун ишендирип кете алам. Бишкек ЖЭБиндеги кандай көйгөй, кандай сунуштар болсо да Энергетика министрлигине сунуштап, идеяларымды айтып турам.

— Кудай сактасын, 2018-жылдын кышындагыдай катуу аяз катталса, Бишкек ЖЭБдин иши кычыраган чилдеде үзгүлтүккө учурабайбы?

— 2022-2023-жылдагы кыш чилде деле 2018-жылдагыдай суук болду. Катуу аяз бир жума бою күчүн жоготпой, кычырап турду. Биз мындай суукта да шаардыктарды үшүтпөй, күндүртүндүр штаттык режимде иштеп жаттык. 2018-жылы Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун алкагында химиялык цех салынбай калгандыктан иш үзгүлтүккө учурап, шаардыктарды кыш күрөөдө үшүтүп алганбыз. Азыр Кудайга шүгүр, химиялык цех салынган. Коркунуч жок. Ошентсе да бардык жагдайды алдын алууга аракет кылып иштеп жатабыз.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№19 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-марты

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!